Биздин кардарларыбыз

Сезондук бизнес: Ысык-көлдүн пляждарында, ышталган балык сатуу

Балыкчы, Ысык-көл облусу

Кадырова Гулжан-энергиясы ашып турган, күчтүү аял жана Компаньон Банкынын 12 жылдан берки ишенимдүү кардары. Гүлжан карылык боюнча эс алууда, бирок ал бир да күн үйдө отурбайт. Аялдын алты чоң баласы жана он эки небересинен тышкары, Гүлжандын көп жылдык сезондук бизнеси бар-жайдын күндөрү Ысык-көлдүн пляждарында ышталган балык сатуу.

Балыкчыда, пансионаттардын ысык кумуна кактанабыз деп келген туристтер гана Гүлжанды тааныбастан, жылдар бою жашап жана иштеген жергиликтүү калк да аны жакшы тааныйт. Бул аял үчүн иш күнү таң эрте башталат-эртең мененки саат беш жарымда. Бир күнгө керектүү балыкты буйрутма кылуу керек жана дүңү менен сатып алуу керек. Ишкер ышталган балыктарды алып алып, пляжга чыгат жана каалаган туристтерге сатат. Күнүгө Гүлжан эл жайгашкан эки пляжды кыдырып чыгат, а бул  бир күндө он км. Сизге күнүгө минтип иштеш кыйынбы деген суроого чын дилинен таң калат: “Кыймыл- бул жашоо, мен өзүмдүн жанымды кыйнап иштейм деп эсептебейм. Тескерисинче, мен иштебесем өзүмдү жаман сезе баштайм. Жада калса боюмда бар кезде да, ушундай иштечүмүн. Жумуш-мен үчүн бүт нерсе! Менин ишимдин аркасы менен Бишкектен кыймылсыз мүлк жана эки унаа, анын ичинде ишкердик үчүн бус алдык. 2005-жылы өз ишимди жаны эле баштаганда, Компаньондон алган эң биринчи насыяма, муздаткыч камерасын алып, балмуздак сата баштагам. Кийин, муздаткычты жакшы тааныштарымдын пансионаттарынын кафесине коюп, өзүм ошол убакта пляждарга балык сатууну чечтим. Күнүгө 200 ышталган балык сатса болот. Бул жаман эмес киреше. Мен өзүмдүн ишимди сүйөм, мага кичүү балам да жардам берет. Ондон саат үчкө чейин ар кайсы пляждарда иштейбиз. Саат үчтө жолугуп, чогуу тамактанабыз. Эгер көлгө түшкүбүз келсе, эс алуучулар катары пляжга барабыз, андан кийин кайра жумушка чыгабыз. Менин балдарым азыр Бишкекте жашайт, жайында көлгө неберелерди жиберип турушат. Мен бактылуу чоң энемин-чоң үй-бүлөмдү каржылайм жана жайды сүйүктүү неберелеримдин жанында өткөзөм! Жакында эле Компаньон банкында неберелериме ,балалык депозитин ачтырдым.” Кышында жана күзүндө Гүлжан жолдошу менен бекер отурбастан, Бишкектин ишканаларынын биринде кароолчу болуп иштешет. Бул жигердүү,күчтүү, ак көңүл маанайдагы аялды көрүп, мээнеткечтигине суктанасың.

“Менин бир эле тилегим-балдарым жана неберелерим аман-эсен болушуп, эч нерседен кем болушпаса дейм. Баарын бутуна тургузуш-менин башкы маселем жана максатым” - деп жыйынтыктайт Гүлжан.

 

Бардык кардарлар