Биздин кардарларыбыз

Соода тармагындагы ишкердикти өнүктүрүүдө ийгиликтүү үлгү

Кочкор айылы.Нарын облусу

Батма Исакжанова Компаньон Банкынын-ишенимдүү кардары, 10 жылдан бери өзүнүн ишин Компаньон менен бирге өнүктүрүп келе жатат. 2007-жылы Батма өзүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн, топтук биринчи насыясын алган. Аял башкарган дүкөндө баары бар: азык-түлүк, кир жуучу каражаттар жана кийим-кечелер- мунун баардыгын кардар бир жерден сатып ала алат.

“Башында беш жыл базарда кийим-кече менен соода кылчумун, анан насыя алууну чечип, кичине дүкөнчө сатып алдым. Компаньон Банкынан насыя алгандан бери, менин жашоом өзгөрдү. Мен мурункудай базарда турбайм, ишканалардын көпчүлүгү өздөрү мага келишет жана товарды ордунан сатып алып кетишет.

Менин дүкөнүм киреше алып келе баштаганда эле, иштеген ишимдин  жанынан жер тилкесин сатып алдым жана үй курдум. Бул абдан ыңгайлуу: таң эрте дүкөнүмдү ачсам болот, жана кечирээк жапсам болот, үйгө алыска барбайм. Мындай иш графиги кирешенин көбөйүшүнө шарт түзөт. Мен өз убагы менен салык төлөп турам жана турмушка чыккан үй-бүлөлүү эки кызыма жардам берип, аларды каржылап турам. Иштин  баардыгы менин мойнумда, бирок мен  көнүп калдым жана кылган ишим өзүмө жагат”,-деп түшүндүрөт ишкер.

Соода тармагында өз ишкердигин баштоо үчүн насыя алууну көздөгөн жаш ишкерлерге, Батма күнүмдүк түшкөн кирешеден аздан алып турууну кеңеш берет. Ошондо, айдын аягында эч кыйынчылыксыз карыздарды кечиктирбей төлөй аласыңар дейт.   

 

Бардык кардарлар