Банк тууралуу

Биздин жетишкендиктерибиз

Кардарларды Коргоо Принциптери

Компаньон Банкы кардарлар менен узак мөөнөттүү өнөктөш мамилелерди курууга багыт алат, мамилелер өз ара ишенүүгө, урматтоого жана чынчылдыкка негизделген. Тейлөөнүн эң жогорку стандарттарына умтулуп Компаньон эл аралык деңгээлде микрокаржы тармагында кабыл алынган кардарларды коргоо принциптерин сактайт. 2017 жылдын апрель айында Компаньон Банкы MicroFinanza Rating рейтинг агенттигинин көз карандысыз тактыкташтыруусун ийгиликтүү өттү. Бул дагы бир жолу Компаньон Банкынын Smart Campaign дүйнө жүзүндө пропагандалаган кардарларды коргоо негиздерин сактаганын ырастайт.

Smart Campaign кампаниясы – микрокаржылоонун лидерлерин бириктирүүгө багытталган тармактын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү катары микрокаржылоо кардарларынын сакталышын камсыздоо максаты менен глобалдык түрдө көргөн аракеттери.

SMART Campaign көз карандысыз баалоосу каржы өнүмдөрүн тиешелүү түрдө иштеп чыгууну жана берүүнү, чектен тышкары карызды алдын алууну, айкындуулукту, баа түзүү ылайыктуу саясытын, кардарларга адилеттүү жана негиздүү мамилени, кардардын маалыматынын конфиденциялуулугун жана даттанууну чечүү механизмдерин камсыздаган стандарттарынын комплексин Компаньон тарабынан сакталгандыгы жөнүндө далилдейт.

 Белгилей кетчү нерсе, Компаньон биринчи жолу Smart Campaign Тактыктамасын 2014 жылы алып, Кыргызстанда кардарларды коргоо негиздерин сактаган  биринчи уюм болгон.

Рейтинг «α-»

2014-жылдын апрелинде M-CRIL эл аралык рейтингдик агенттиги Компаньонго «α-» жогору институционалдык рейтингин берип, компанияны стабилдүү жана каржы жактан туруктуу, кардарлар менен узак мөөнөттүү мамилелерге багытталган уюм деп эсептеди.  

M-CRIL (Micro-Credit Ratings International Limited) баалоону төмөндөгүдөй түшүндүрдү: «Компаниянын Мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү каржы секторунун эксперттери болуп саналат жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга тартылган. Каржы мекеме күчтүү башкаруу командасына жана тажрыйбалуу, жакшы билими бар кызматкерлерге ээ. Маалымат системалардын башкаруусу, бухгалтердик эсеп, ички аудит, акча каражаттарын башкаруу, контролдоо системалары компаниянын күчтүү жактары болуп эсептелет. Насыяларды талдоо системасы тиешелүү түрдө иштеп жатат. Компаньон кардарларды коргоо принциптерин жакшы сактап турат».

Микрокаржы чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн Европалык сыйлык

2014-жылдын ноябрында Компаньон микрокаржы чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн Европалык сыйлыкты жеңип алган Борбордук Азиядагы биринчи уюм болду. Сыйлык мыкты практикаларды илгерилетүү максатында инновациялык идеялары үчүн каржы институттарга ыйгарылат.

2014-жылы бешинчи «Микрокаржылоо жана айлана чөйрө» Европалык сыйлыкка катышуу үчүн 19 өлкөдөн 26 уюм глобалдык экологиялык проблемаларынын жаңы чечимдерин издөөгө багытталган өз долбоорлорун көрсөтүштү.

Сынактын өтүнмөсүнүн чегинде Компаньон жайлоо жерлерин сактоого жана жер кыртышынын деградация тобокелин азайтууга багытталган «Жайлоо башкаруу» демилгесин көрсөттү. Көрсөтүлгөн программанын маанилүүлүгү төмөнкү менен шартталат: жер элет жашоочуларынын кирешесинин негизги булагы болуп эсептелет, мында жайлоо жердин 70% деградация абалында турат.

Каржы продуктун жана ылайыктуу үйрөтүү программасын сунуш кылуу менен «Жайлоо башкаруу» демилгеси жайлоо деградациясынын, айылдын тегерегиндеги жайлоодо ашыкча жайытуу жана алыскы жайлоодо жайытпоо проблемалары жөнүндө калктын кабардар болгондугуна багытталган.