Жаңылыктар

Компаньон Банкы ишкерлер үчүн «Бизнесте энергоэффективдүүлүк. Каржылык мүмкүнчүлүктөр жана пайдалары» аттуу презентациясын сунуштады

5 3 2018

2-мартта Компаньон Банкы Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын KyrSEFF өкүлдөрү менен бирдикте, ошондой эле JIA Бизнес Ассоциациясынын колдоосу менен, ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана курулуш, тойкана, мейманкана, азык-түлүк жана башка бизнес менен алектенген жеке ишкерлер бир жерде чогулушту.

Жолугушуу учурунда, Компаньон Банкынын Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы алкагында, бизнестеги энергоэффективдүү чечимдер тартууланды. Бул сунуштан пайдаланып, ишкерлер жалгыз эле энергоэффективдүү иш-чараларды жүзөгө ашырбастан, ыңгайлуу гранттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат. Энергия үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу (өндүрүш каражаттарын алмаштыруу, насосторду, вентиляторлорду жана компрессорлорду орнотуу), күн батареяларын колдонуу, күнөсканаларды жаңыртуу жана өнөр-жай имараттарын жылуулоо өндүрүштүк чыгымдарды кыйла кыскартат.

«Компаньон – стандарттык эле банктык кызматтарды сунуштаган банк эмес. Биз коомдук миссияны аткарып, кичи жана орто бизнеске пайда алып келген жана экологияга оң таасирин тийгизген долбоорлорду колдогонго аракет кылуудабыз. Биз Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) өнөктөштөрү болуп, кардарларыбызга  бизнестеги энергоэффективдүүлүк максатына насыя сунуштайбыз жана аларга 15% чейинки грант алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Мисалы, жогоруда аталган максаттар үчүн 20 млн сом өлчөмүндөгү насыя алсаңыз, сиздин 3 млн сомго чейин грант алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот», - деп белгиледи Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Алыбаев Нарынбек Алыбаевич.

«Биздин техникалык адистер ар бир долбоор боюнча толугу менен акысыз консультация беришет. Биз текшерилген камсыздоочулардын тизмесин берүүгө даярбыз. Тажрыйбабызга таянсак, абдан чыгымдуу долбоорлор да үч-төрт жыл ичинде өзүн актайт. Электр энергиясын, жылуулукту пайдаланууда жана башка чыгымдарды кыскартууда үнөм олуттуу болот. Өндүрүш процесстери канчалык үнөмдүү болсо, бизнес да ошончолук атаандаша алгыдай болоору чын», - деди өз сөзүндө KyrSEFFтин улуттук менеджери Абдырасулова Нурзат.

Бардык катышуучулар ой калчашканга даяр болуп, ишкерлер кызыктырган суроолорун берип, суроолоруна толук жооп алып жатышты.

Бактыгул Джунушев, ишкер: «Биз мейманкана бизнесинде сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн акыркы технологиялык чечимдерди киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Түркияда ушундай технологияларды киргизүү милдеттүү түрдө мамлекеттик деңгээлде талап кылынат. Ал эми бизде болсо, ушул сыяктуу жабдууларды эл өз каалоосуу менен орнотуп жатышат. Бирок биз суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу канчалык маанилүү экендигин жакшы түшүнүп турабыз. Бул жолугушуудан кийин, туура жол менен бара жатканыбызга дагы бир жолу көзүбүз жетти!»

Компаньон Банкы, энергияны үнөмдөө долбоорлорун мындан ары да колдомокчу, жана бизнес коомчулугуна пайда алып келген жана айлана-чөйрөгө салым кошкон эффективдүү банктык өнүмдөрдү киргизмекчи.

Бардык жаңылыктар