Жаңылыктар

Маргарита Черикбаева «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы катары дайындалды

13 3 2018

Маргарита Черикбаева 2018-жылдын 12-мартында «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы катары дайындалды.

Компаньонго келээрден мурда, ал 2015-жылдан тартып, «ФИНКА Банк» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы болуп, ага чейин, 2011-жылдан баштап, ошол эле банктын операциондук иш боюнча директору болуп эмгектенип келген. Андан мурда, Маргарита Черикбаева ProCredit Holding немис холдингинин тармагына кирген банктардын Кавказдагы, Батыш Африкадагы жана Латын Америкадагы бизнес бөлүмдөрүнүн жана операциондук блокторунун ишин жетектеген.

«Бүгүнкү күндө, Компаньон Банкы Кыргызстандын банктык тармагында өзүнүн туруктуу позициясын сактап келе жатат. Банк стабилдүү түрдө өнүгүп, социалдык миссиясын жактап, жоопкерчиликтүү насыялоо эрежелерин сактап келет. Биз, Маргарита Черикбаева айымдын көп жылдык тажрыйбасын өтө бийик баалап, анын жетекчилиги алдында Банк мындан ары да өнүгүп, биздин кардарларыбыз үчүн ыңгайлуу болот, деген ишеничтебиз. Ошол эле учурда, Компаньонду ийгиликтүү жетектегени үчүн, Эркинбек Жумабаев мырзага Мүдүрлөр кеңешинин атынан ыраазычылык билдирем», деди «Компаньон Банкы» ЖАКнун Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Стивен Митчелл.

Эсиңиздерге сала кетсек, 20017-жылдын май айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин «Компаньон Банкы» ЖАК Эркинбек Жумабаев жетектеп келген. Ал Компаньондун жамаатына 2005-жылы кошулган, жана экономика, каржы жана банк тармактарында бай тажрыйбага ээ. 2009-жылдан 2017-жылга чейин Эркинбек Жумабаев «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары катары эмгектенген.

Бардык жаңылыктар