Жаңылыктар

Компаньон Банкынын командасы футзал боюнча мелдешти утуп алды

25 4 2018

2018-жылдын 16 – 19-апрелинде, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, коммерциялык банктар жана башка каржы мекемелеринин ортосунда футзал боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеш, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 25 жылдык мааракесине арналган.

Мелдешке жыйырмадан ашык команда катышып, жеңүүчүсү болуп бир дагы жолу уттурбаган Компнаньон Банкынын футзал командасы аныкталды!

Каракол жана Балыкчы бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн биздин банктын командасы, аба-ырайы шарттарына жана өтө оор финалга карабастан, 7:3 эсеби менен «Ысык-Көл» ЧККнын командасын утуп алды.

Биздин балдарды, Компаньон Банкынын жалпы жамаатынын жана оюнга келген күйөрмандардын атынан чын жүрөктөн куттуктап, мындан ары иштеринде жана спортто ийгилик кааламакчыбыз! Алга, Компаньон!

Бардык жаңылыктар