Жаңылыктар

Компаньон Банкынан «Мөөнөттүү» жана «Пенсиялык» аманаттары боюнча пайдалуу чендер жана ийкемдүү шарттар

1 6 2018

Компаньон Банкы, пайдалуу чендерди жана акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча ийкемдүү шарттарды айкалыштырган аманаттардын жаңыртылган тизмегин сунуштайт.

Эми жеке жактар, акча каражаттарын «Мөөнөттүү» аманатына жайгаштырып, жылына сом менен 12,3% чейин жана АКШ доллары менен 4% чейин кепилденген кошумча киреше ала алышат. Аманаттын минималдуу суммасы болгону 1000 сом же 50 АКШ долларын түзөт. Пайыздар ай сайын төлөнөт.

Юридикалык жактар жылына сом менен 11,5% чейин, АКШ доллары менен 3,5% чейин максималдуу киреше ала алышат. Аманаттын минималдуу суммасы 20 000 сом, же 500 АКШ долларын түзөт. Пайыздар ай сайын төлөнөт.

Пенсия курагына жеткен кардарлар үчүн Компаньон Банкы «Пенсиялык» аманатын сунуштайт. Бул аманаттын чендери жылына сом менен 12,5% чейин жана АКШ доллары менен 3% чейин болуп, тизмектеги аманат чендеринин эң жогорусу болуп саналат. Аманаттын минималдуу суммасы болгону 500 сом же 10 АКШ долларын түзөт. Биз, ошондой эле, «Пенсиялык» аманаты боюнча мөөнөт диапазонунун кеңейгенин маалымдайбыз. Эми кыска мөөнөткө депозит ачуу мүмкүнчүлүгүңүз бар – алты жана тогуз айга.

Ыңгайлуулук үчүн, Компаньон Банкы депозит эсептерин алыстан көзөмөлдөө максатында интернет-банкинг кызматын сунуштайт.

«Мөөнөттүү» же «Пенсиялык» аманаттарын Банктын бөлүмдөрүндө ачууга мүмкүн. Толук маалыматты контакт-борборунун номерлери боюнча алууга болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлорунун номерлеринен чалуу акысыз).

Эсиңиздерге сала кетсек, Компаньон Банкы банктык депозиттерди коргоо боюнча Агенттигинин мүчөсү болгондуктан, аманаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо алдына алынат.


Бардык жаңылыктар