Жаңылыктар

Компаньон BIFF-2018 форумунда

4 6 2018
Компаньон BIFF-2018 форумунда

2018-жылдын 1-3-июнь күндөрүндө Бишкек шаарында профессионалдык каржылык коомчулугунун эң ири жылдык форумдарынын бири болуп өттү. Ал форум төлөм технологияларын жана кызматтарын андан ары өнүктүрүү, кибер-коопсуздук, «жашыл» технологияларды киргизүү, туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана каржы тармагындагы башка актуалдуу маселелерге арналган. Ушул масштабдык каржылык иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстан банктарынын бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы болушкан. Бул жылы форум «Каржы секторундагы тренддер. Андан ары өнүгүү багыты» нуктасына арналган.

«Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалык мүчөсүнүн милдетин аткаруучу Наталия Фефилова жана туруктуу өнүгүү боюнча Мүдүрү Олеся Паукова «Компаньон Банкы: «жашыл» экономика жолунда» деп аталган презентациясын сунушташты. Презентация учурунда Компаньондун өкүлдөрү тажрыйбалары менен бөлүшүп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жана кардарларды, аялуу коомчулуктарды туруктуу каржылоо принциптерин жайылтуу боюнча өзүнүн инновациялык ык-амалдары тууралуу сөз кылышты. Компаньондун интеграцияланган этно-экологиялык ыкмаларынын мазмуну бул каржылык кызматтарды жана бизнести өнүктүрүү кызматтарын сунуштоо. Агрономия жана мал чарбачылык боюнча штаттык серепчилер кардарларга түшүмдүн сапатын, көлөмүн жана малдын өнүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам көрсөтөт. Бул жалгыз гана экономикалык пайда эмес, социалдык жана экологиялык пайда дагы алып келет (айлана-чөйрөнү келечек муундар үчүн сактоо). Компаньон Банкы, кардарлар үчүн бизнести өнүктүрүү боюнча уникалдуу чечимдерди сунуштоо аркылуу (каржылык кызматтар жана илим-негизиндеги консультациялар) каржы жагынан туруктуу жана күчтүү коомчулуктарды курууга умтулат.

Маалымат үчүн: «Компаньон Банкы» ЖАК жамаатында 32 жогорку квалификациядагы агрономия жана мал чарба серепчилери болгон Кыргызстанда бирден бир коммерциялык банк болуп саналат. 13 жыл ичинде Банктын адистери 1000ден ашуун айыл-кыштактарда 17000ден ашуун тренинг өткөрүп, 44000 үй-чарбаны камтыган.

Бардык жаңылыктар