Компаньон Банкы беш жылдан бери “Жайлоодогу бала бакчалар” долбоорун колдоп келе жатат, долбоордун максаты калк үчүн мектепке чейинки билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Алыскы тоолуу аймактарда жай бою жүргөн малчылардын балдары жайлоо бала бакчаларында атайын иштетилген окуу программасы боюнча башталгыч билим алышат. Долбоордун уюштуруучусу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду болуп саналат.
2018-жылы Компаньон Банкы Нарын жана Ош облустарында 5 жайлоо бала бакчаларынын ачылышын колдоп, бала бакчалар толук кандуу иштеш үчүн керектүү кеңсе товарларын алып берген.
Компаньон Банкы Кыргызстандын коомдоштуктарын өнүктүрүүгө багытталып, социалдык демилгелерди колдоону уланта берет.