Жаңылыктар

Компаньон Банкы Бүткүлдүйнөлүк үнөмдөө жумалыгынын алкактарында Ачык эшиктер күнүн өткөрөт

17 10 2018

2018-жылдын 22-октябрынан 31-октябрына чейин Компаньон Банкы Кыргызстан боюнча 35 офисинде Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.

КР Улуттук банкы жана Германиянын Сактык кассаларынын фонду  тарабынан Компаньон Банкы менен биргеликте демилгеленген сарамжалдоо маданиятына көндүрүү жана калктын финансылык сабаттуулугун  арттырууга багытталган иш чаралар  Бүткүл дүйнөлүк  Үнөмдөө жумалыгын майрамдоого арналат.

Ошондой эле октябрь айы бою банктын кызматкерлери бүтүндөй өлкө боюнча окуучуларга финансылык сабаттуулук  боюнча тренингдердин серияларын өткөрүшөт.

Компаньон Банкы Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө жумалыгын майрамдоого үчүнчү жыл катары менен  катышып келүүдө, бул аралыкта финансылык сабаттуулук боюнча 200дөн ашуун тренингдер өткөрүлгөн.

Ачык эшиктер күндөрүндө келүүчүлөр үчүн банкта экскурсиялар уюштурулат, аларда Компаньон Банкынын, Кыргызстандын  улуттук валютасынын, бүтүндөй банк тутумунун өнүгүш  тарыхы тууралуу маалымат берилет. Жаш меймандарды кызыктуу викториналар жана мастер-класстар, ошондой эле Компаньон Банкынан жана Германиянын сактык кассаларынын фондунан белектер күтөт.

Жыл сайын 31-октябрда Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнү белгиленет, ал 1924-жылы Сактык банктарынын эл аралык биринчи конгрессинде белгиленген.

Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө жумалыгынын алкактарындагы иш чаралардын жүгүртмөсү:

Бардык жаңылыктар