Жаңылыктар

Тарыхты бирге жараталы: Компаньон Банкы 2019-жылдагы футбол боюнча Азия Кубогуна карата Кыргызстандагы медиа-кампаниянын Башкы өнөктөшү болду

23 11 2018
Тарыхты бирге жараталы: Компаньон Банкы 2019-жылдагы футбол боюнча Азия Кубогуна карата Кыргызстандагы медиа-кампаниянын Башкы өнөктөшү болду

Бүгүн, 2018-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын, «Компаньон Банкы» ЖАКынын жана Antares Creative Group продакшн-студиясынын ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Макулдашууга «Компаньон Банкы» ЖАКынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дамир Досумбетов, КР Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жана Antares Creative Group’тун башкы директору Азиз Хасанов кол коюшту.

Тараптардын макулдашуусу боюнча Компаньон Банкы 2019-жылдагы Азия Кубогуна карата Кыргызстандагы медиа-кампаниянын Башкы өнөктөшү статусун алат.

Дамир Досумбетов, «Компаньон Банкы» ЖАКынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары:

Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасы футбол дүйнөсүндөгү Азия Кубогу сыяктуу мындай маанилүү турнирге биринчи жолу катышып жаткандыгына биз өтө кубанычтабыз жана сыймыктанабыз.

Азия кубогуна даярдык көрүүнүн жана ага курама команданын катышуусунун алкагындагы имидждик кампанияны каржылоо менен биз спортчуларыбызга колдоо көрсөтүүнү чечтик. Спортчуларыбызга мыкты оюнду көрсөтүшүн жана албетте, жеңишти каалайбыз! Биз силерге ишенебиз!     

Медербек Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын башкы катчысы:

Бул багытта дагы бир кадам жасаганыбызга биз өтө кубанычтабыз. Биздин өнөктөштүгүбүз жакын араларда өз жемишин берип, тараптардын бардыгына чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мен мындай колдоо көрсөтүүнүн аркасында биз көптөгөн креативдүү идеяларды ишке ашыраарыбызга жана 2019-жылдагы Азия Кубогунда Кыргызстанды татыктуу көрсөтөөрүбүзгө ишенемин. Биз ушул медиа-кампанияны ишке ашырууга жана биздин эң сонун өлкөбүз жөнүндө, ошондой эле кыргызстандын футболунун тарыхында олуттуу изин калтырган команда тууралуу бүтүндөй дүйнө жүзүнө айтып берүү мүмкүндүгүн берүүгө активдүү катыша тургандыгы үчүн өнөктөштөрүбүзгө чоң ыраазычылыгыбызды билдирип кетебиз.    

Азиз Хасанов, «Антарес Креатив Групп» продакшн-студиясынын башкы директору: 

Футбол боюнча курама командабыз үчүн да жана өлкөбүз үчүн да масштабдуу болуп саналган иш-чарага катышуу Антарес студиясы үчүн чоң сыймык.

Бул медиа-кампаниянын милдети биздин балдардын жетишкендиктери тууралуу элди жөн гана маалымдар кылуу гана  эмес, активдүү күйөрмандардын чөйрөсүн көбөйтүү болуп саналат. Эгер футболчуларыбыз өз өлкөсүнүн колдоосун сезип, ал эми өлкөбүз өз спортчулары менен сыймыктанып турса, жеңишке болгон мүмкүнчүлүк арта берет! Ушул медиа-кампания коюлган максаттарга жетүүсү үчүн биз болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.    


Ушул макулдашуу 2019-жылдын январында Бириккен Араб Эмирликтеринин төрт шаарында өтө турган футбол боюнча Азия Кубогунда – Азия континентиндеги өтө беделдүү турнирде Кыргызстанды татыктуу көрсөтүүгө болгон тараптардын жалпы умтулуусун чагылдырып тураарын белгилей кетебиз. КРнын Футбол боюнча улуттук курама командасы футбол боюнча Азия конфедерациясына мүчө өлкөлөрдүн улуттук курама командаларынын арасындагы футболдук турнирге биринчи жолу катышат.  

Бардык жаңылыктар