Жаңылыктар

Компаньон банкынын кардарлары “ОПОҢОЙ!” акциясынын финалдык этабында Түркияга эки адамга саякат жана iPhone X утуп алышты

9 1 2019

Акча которуулар боюнча “Опоңой!” акциясынын үчүнчү финалдык этабынын жеңүүчүлөрү аныкталышты.

Банктын Жалал-Абаддагы филиалынан тейленүүчү Токсонова Назира Бекбаевна iPhone X утуп алды.

Түркияга эки адамга саякатты Кадамжай филиалынын кардары Сыдыков Мирлан Мейлибаевич утту.

Компаньон Банкы өзүнүн мыкты кардарларын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт жана Жаңы 2019-жылы бекем ден соолук жана бакубаттуулук каалайт!

Акча которуулардын эсеп ачуусуз эл аралык системасы боюнча “ОПОҢОЙ!” акциясы 2018-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин үч этапта өткөрүлдү. Акцияга катышуу үчүн акча которуулардын «Золотая Корона», «ЮНИСТРИМ», Contact жана Western Union эл аралык системалары боюнча аларда жеткиликтүү бардык валюталарда акча каражаттарын жөнөтүү жана алуу зарыл болгон. Биринчи эки этаптын жыйынтыгы боюнча Компаньон банкынын бүтүндөй Кыргызстан боюнча 60 кардары баалуу байгелерди - телевизорлорду, ноутбуктарды, планшеттерди, смартфондорду жана тиричилик техникасын утуп алышты.

2019-жылы Компаньон Банкы өз кардарларын баалуу байгелер жана белектер менен кубандырууну улантмакчы. Акцияга катышыңыздар жана Компаньон банкы менен бирге жеңип алыңыздар!

Бардык жаңылыктар