Жаңылыктар

Компаньон Банкынын кардарлары «ОПОҢОЙ » акциясынын финалдык этабында Түркияга эки адамга саякат жана iPhone X утуп алышты

23 1 2019

«Компаньон Банкы» 2018-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин акча которуулар боюнча «ОПОҢОЙ» акциясын өткөрдү. Акцияга катышуу үчүн акча которуулардын «Золотая Корона», «ЮНИСТРИМ», Contact жана Western Union эл аралык системалары боюнча аларда жеткиликтүү бардык валюталарда акча каражаттарын жөнөтүү жана алуу зарыл болгон.

Биринчи эки этапта бүтүндөй Кыргызстан боюнча 60 бактылуу адам баалуу байгелердин - телевизорлордун, ноутбуктардын, планшеттердин, смартфондордун жана тиричилик техникасынын ээси болуп калды.

Акциянын финалдык этабында башкы байгенин бири Түркияга эки адамга саякат болгон. Баткен шаарынын жашоочусу Мирлан Сыдыков анын бактылуу ээси болуп калды.

«Мен көп убакыттан бери Компаньон Банкынын кардарымын. Акция жөнүндө билер замат ага катыша баштадым. Утуп алам деп ойлогон эмесмин. Биз үчүн бул күтүүсүз белек болуп калды. Буга чейин мен бир да жолу чет өлкөгө чыккан эмесмин, эми жубайым менен саякатка чыгабыз», - дейт ал.

Экинчи башкы байгени – iPhone X утуп алган Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Назира Токсонова:

«Мен iPhone X утуп алганым үчүн өтө кубанычтамын! Мен Компаньон банкы менен бир жылдан бери кызматташуудамын. Мында иштеген балдар мени дайыма жылуу тосуп алышат жана тез тейлешет», - деди.

Компаньон Банкы өзүнүн эң сонун кардарларын жеңиш менен куттуктайт!

2019-жылы Компаньон Банкы өз кардарларын баалуу байгелер жана белектер менен кубандырууну жана таң калтырууну улантмакчы. Акцияларга катышыңыздар жана Компаньон Банкы менен бирге жеңип алыңыздар!

Бардык жаңылыктар