Жаңылыктар

Компаньон Банкынан VISA карталары боюнча «Бактылуу 15» мааракелүү акциясы: баш байге – 100 000 сом!

3 5 2019

Урматтуу кардарлар!

2019-жылдын октябрында Компаньон Банкына 15 жыл толот!

Биз VISA карталары боюнча «Бактылуу 15» мааракелүү акциясы жөнүндө сиздерге бирдиргенге кубанычтабыз. Сатып алууларды  Компаньон Банкынан VISA төлөм карталары менен жүргүзүңүздөр, Акцияга катышыңыздар жана 100 000 сом утуп алыңыздар! 

Акциянын кеңири шарттары менен сиз бул жерден тааныша аласыз. 

АКЦИЯНЫН ШАРТТАРЫ

Акцияга катышуу үчүн Компаньон Банкынан VISA картасынын кармоочусу болуу жана ар айда жалпы суммасы 2500 сомдон кем эмес минимум 5 накталай эмес транзакция жасоо зарыл.

Жеңүүчүлөр ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн накталай эмес транзакциялардын эң көп көлөмү боюнча аныкталат:

•              Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чектеринен тышкары да бардык соода-сервистик ишканаларда бардык POS-терминалдар аркылуу товарларга жана кызматтарга акы төлөө.

•              бардык интернет-төлөмдөр.

Акция үч этаптан турат. Биринчи эки этапта 15тен жеңүүчү – ар бир үч топто* 5тен (бештен) жеңүүчү аныкталат:

•              1-этап (аралык): 2019-жылдын 3-майынан 30-сентябрына чейин;

•              2-этап (аралык): 2019-жылдын 1-октябрынан 2020-жылдын 31-январына чейин;

•              3-этап (финалдык): 2019-жылдын 3-майынан 2020-жылдын 31-январына чейин.

*Акциянын катышуучуларынын топтору Банктын аларда катышуучулар төлөм карталарын чыгарып жатышкан/чыгарышкан филиалдары жана сактык кассалары боюнча аныкталат.

Биринчи жана экинчи аралык этаптардын жеңүүчүлөрү катышуучулардын ар бир тобунда жүргүзүлгөн накталай эмес транзакциялардын эң көп көлөмү боюнча аныкталат. Жалпысынан 15 жеңүүчүнүн ар бири 15 000 сомдон алат. 

Финалдык этапта үч топтон ар биринин жеңүүчүсү Акциянын баш байгесин – 100 000 сомду алат!

Жеңүүчүлөр жөнүндө маалымат «Компаньон Банкы» ЖАКынын расмий сайтында www.kompanion.kg жарыяланат жана Байланыш-борбордун номери боюнча: 0 (312) 33 88 00, моб.тел. 88 00 (чалуу акысыз) жеткиликтүү.

Бардык жаңылыктар