Компаньон Банкынын командасы бүтүндөй Кыргызстан боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 200дөн ашуун ардагерин куттукташты. Банктын филиалдык тармагынын кызматкерлери аларга азык-түлүк топтомун тапшырышты жана алар менен согуштагы окуялар жөнүндө аңгемелешишти, Жеңиш үчүн өмүрүн бергендерди эскеришти. Ардагерлер эскерүүлөрүн айтып беришти, согуштан кийинки убактагы сүрөттөрүн, алган ордендерин жана башка сыйлктарын көрсөтүштү.
Бейпил жашообуз үчүн согуштун каармандарынын жаркын элесин эсте сактайбыз жана ыраазычылык билдиребиз.