Жаңылыктар

«Компаньон Инвест» МКК Deutsche Bank инвестицияларын алып келди

4 5 2017

«Компаньон Инвест» микрофинансылык компаниясы активдеринин суммасы боюнча эң чоң германиялык банк - Deutsche Bank  тын узак мөөнөөттүү финансылык инвестицияларын алып келди. Инвестициялык макулдашуу Шариаттын бардык стандарттарына ылайык түзүлгөн жана ага 2017 жылдын 21 апрель күнү кол коюлган. Негизги максат - ислам укугуна ылайык келген микрокаржылоонун продуктыларын жана кызматтарын колдоо. Каражаттар Deutsche Bank «Жаңы демилгелер фонду» долбоору чегинде бөлүнгөн. Бул долбоор өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө кирешеси төмөн кардарлар үчүн каржылоону камсыз кылат.  

«Компаньон Инвест» МКК 2011 жылы «Компаньон Банкы» ЖАК жана «Өнүгүү Компаньону» уюмунун катышуусу менен түзүлгөн. Бул уюм эч кандай коммерциялык максатсыз кичи жана орто бизнестерге колдоо көрсөтөт жана коомчулуктардын өнүгүүсүнө жардам берет. «Компаньон Инвест» МКК Шариат стандарттарына ылайык иштейт жана жеткиликтүү микрокаржылоо кызматтарын сунуштайт. 2016 жылдын июль айында «Компаньон Инвест» МКК банктык ишмердүүлүктүн жана каржылоонун исламдык негиздерине шайкештиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күбөлүгүн алган.

Deutsche Bank 1870 жылы Германияда негизделген. Deutsche Bank тын дүйнөнүн 76 өлкөсүндө филиалдары жана 28 миллиондон көп кардарлары бар.

Бардык жаңылыктар