Жаңылыктар

Компаньон Банкынан Интернет-банкинг

7 7 2017

Компаньон Банкы интернет-банкинг кызматын баштады. Эми сиздин дистанциялык банктык тейлөө боюнча ыңгайлуу, жөнөкөй жана коопсуз ыкмаңыз бар.

Ыңгайлуу. Интернет-банкинг кардарларга өзүлөрүнүн эсептерин ар дайым башкаруу жана негизги банктык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет:

  • Жүргүзүлгөн банктык төлөмдөр жөнүндө маалымат алуу;
  • Насыя карызын төлөө;
  • Акча каражаттарын өзүнүн эсептери арасында жана банктын кардарларынын эсептерине акысыз которуу;
  • Акча каражаттарын клиринг жана гросс боюнча которуу;
  • Валюта алмаштыруу.

Жөнөкөй. Бул кызматты колдонуу үчүн Компаньон Банкында эсептин бар болушу жетиштүү, жана Банктын сайтында жайгаштырылган интернет-банкингди кошуу жана тейлөө боюнча колдонуучу үчүн инструкцияларды жана тарифтерди окуп чыгуу керек: физикалык жактар үчүн, юридикалык жактар үчүн.  

Коопсуз. Эки фактордук аутентификациялоо системага уруксатсыз кирүү рискин минимумга азайтат. Жеке жактар үчүн СМС-билдирүү аркылуу бир жолу колдонулуучу паролду алуу мүмкүнүлүгү каралган. Юридикалык жактар үчүн бир жолу колдонулуучу паролдор атайын белгиленген ОТР-токендери менен жаралат.    

Бардык жаңылыктар