Жаңылыктар

КРУБ Жумабаев Эркинбек Алтымышевичди «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы кызматына кабыл алды

24 8 2017

2017 жылдын 17 август күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Жумабаев Эркинбек Алтымышевичдин талапкерлигин  «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы кызматына дайындоого макул болушту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

 Эркинбек Жумабаев жети жыл бою  «Компаньон Финансылык Тобу» МКК ЖАК Башкармалык Төрагасынын Орун Басары кызматында иштеген. 2016 жылы январда бул уюм «Компаньон Банкы» ЖАК уюмуна ийгиликтүү трансформацияланган. 2005 жылдын июнь айында Компаньон командасына кошулганга чейин Эркинбек Жумабаев 12 жыл бою экономика, каржы жана банктык чөйрөдө иштеген.   

Бардык жаңылыктар