Жаңылыктар

KyrSEFF программасы боюнча акча грантын кардарга берүү

29 8 2017

Компаньон Банкы «Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо» (KyrSEFF) программасынын чегинде өзүнүн кардарларына «Ишкер Плюс» энергоэффективдүү насыясын сунуштайт . Энергоэффективдүү максаттар үчүн, негизги каражаттарды сатып алуу жана жаңылоо үчүн бизнес-насыясын алуу  бизнес-кардарларга насыя суммасынан 15% чейин грант алуу мүмкүнчүлүгүн берет, ал эми жеке кардарларга 20% чейин грант алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Биринчи бактылуу кардар Исмаилова Чынара болду: ал Компаньон Банкында «Ишкер Плюс» насыясын алып, заманбап кондициялоо системасын сатып алып, аны өзүнүн дүкөнүндө орнотту. Ошондуктан, Чынара бир гана өзү жана өзүнүн кардарлары үчүн жакшы шарттарды түзбөстөн, акча грантын да алды.

«Мындай мүмкүнчүлүк үчүн Компаньон Банкына жана KyrSEFF программасына рахмат! Бүгүн насыянын жардамы менен мен дүкөнүмдө жакшы шарт түздүм жана грант алдым!»,-деп Чынара кубанычын билдирди.  

Компаньон Банкынын энергоэффективдүү насыялары тууралуу толук маалыматты бул шилтемелерде алуу мүмкүн: жеке кардарларга,  бизнес-кардарларга.  

Бардык жаңылыктар