Жаңылыктар

Компаньон Банкынын депозиттери дагы пайдалуу болуп калды!

12 12 2017

Компаньон Банкы жаңы жыл майрамынын алдында «Үзгүлтүксүз киреше» депозити боюнча чендерди кайра карап чыкты. Эми жеке жактар сом менен 2 жылдан узак мөөнөткө жылдык 12% дык депозитке акча сала алышат. Бул продукт бир гана акча каражаттарын үнөмдөөнү эмес, депозиттер боюнча максималдуу киреше алууга мүмкүнчүлүк берет. Аманаттын минималдуу суммасы 1000 сом. Пайыздар ай сайын төлөнөт. 

Мындан тышкары, интернет-банкинг кызматы аркылуу депозиттик эсепти алыстан караса болот, бул продукттун дагы бир ыңгайлуулугу.

«Үзгүлтүксүз киреше» депозитин Компаньон Банкынын бардык бөлүмдөрүндө ачса болот. Толук маалыматты www.kompanion.kg сайтынан жана байланыш-борборунун: (312) 33-88-00, 88 00 номерлери боюнча алса болот. (мобилдик чалуу акысыз).  

Эске сала кетсек, Компаньон Банкы депозиттерди коргоо Агенттигинин мүчөсү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык банктын аманаттарын коргоого кепилдик берет.  

Бардык жаңылыктар