Аманаттар

«Келечектеги миллионер» салымы

Кардарлардын өзгөчө категориясы үчүн топтолмо салымы (14 жашка толгон жана андан улуу жаштагы жеке жактар). «Келечектеги миллионер» салымы келечектеги билимге акылдуу инвестициялар болуп эсептелет. 

Банктык аманат келишимин жашы жете элек баланын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү түзөт. Жашы жете элек бала, анын атына салым ачылган, салымды толуктаса болот. Салымды ачуу үчүн жашы жете элек баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү керек. 

Аманатты кошумча толуктоо айлык кезмеги (Топтолмо планы) сакталганда, салымчы бонуска көбөйтүлгөн чен боюнча пайыздарды алат (Базалык чен + Бонустук пайыз).

Валютасы

Сом

Салымдын минималдуу алгачкы суммасы

 

500 сом

Салымдын максималдуу алгачкы суммасы

50 000 сом

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы

100 сом

Толуктоо мүмкүнчүлүгү

Аманат мөөнөтүнүн ичинде кезмеке ылайык салымдын толуктоосу төмөнкү шарттарды эске алуу менен:

  • ар бир кардар менен өзүнчө аманатты толуктоо айлык кезмеги аныкталат (Топтолмо план), кезмектин шарттары аткарылганда салымчы бонуска көбөйтүлгөн чен боюнча пайыздарды алат (Базалык чен + Бонустук пайыз);
  • Топтолмо пландын айлык мөөнөтүн аныктоо жана бонустук пайыздык ченди колдонуу үчүн базасы календарлык ай болуп саналат;
  • жеке толуктоо кезмеги (Топтолмо планы) бузулганда, пайыздар Базалык чен боюнча эсептелет;
  • эгерде салымчы бул айда жеке толуктоо кезмегинин (Топтолмо планы) шарттарын аткарса, анда пайыздар кийнки айда бонуска көбөйтүлгөн чен боюнча эсептелет;
  • салым боюнча капиталдаштырылган суммасы Топтолмо планын аткаруу үчүн берилген кошумча толуктоолордун жалпы суммасында эсепке алынбайт;
  • акча каражаттарын мөөнөттүү салым (аманат) эсебине биринчи чегерүүдөн кийинки күндөн тарта жана толук кийинки календарлык ай мөөнөттүн ичинде пайыздар бонуска көбөйтүлгөн чен боюнча эсептелет;
  • бир жолку кошумча толуктоо минималдуу суммасы 100 сом түзөт.

Пайыздардын капитализациясы

Ай сайын, пайыздардын капитализациясынын пландуу күндөрү (Аманат келишимине кол коюу күнүнө окшош ар бир айдын күнү).

Жарым-жартылай акча алуу

Алдын ала каралган эмес

Эффективдүү пайыздык чен сом менен 7,22% чейин.
12,67% чейин бонус пайызынын эффективдүү пайыздык чени. 

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 12 ай 18 ай 2 жыл 3 жыл 4 жыл
Сомдор 7% 7% 7% 7% 7%
Бонустук пайыз +1% +2% +4% +5% +5%

Кошумча толуктоо кезмеги

Общая минимальная и общая максимальная сумма пополнений в календарном месяце будет зависеть от первоначальной суммы вклада по следующей градации

Сумма первоначального вклада Толуктоонун минималдуу суммасы Толуктоонун максималдуу суммасы
тарта500 чейин10000 сом ≥ 100 сом ≤ 1000 сом
тарта10001 чейин50000 сом ≥ 1001 сом ≤ 10000 сом

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу