Жеке кардарларга

Компаньон электрондук капчыгы

Компаньон электрондук капчыгы — бул мобилдик телефонду пайдалануу менен которуу, төлөмдөрдү дистанциялык кабыл алуу жана төлөө үчүн жаңы муундагы төлөм аспабы. Электрондук капчык аркылуу ар кандай кызматтарга, мисалы: коммуналдык кызматтарга, мобилдик байланышка, интернетке, телевидениеге жана башка кызматтарга акы төлөөгө, ошондой эле өзүңдүн мобилдик телефонуң аркылуу кредитти жабууга, депозитти ачууга жана толуктоого болот.   

Компаньон электрондук капчыгынын ээси болуу үчүн аны Playmarket (Android үчүн) же AppStore (iOS үчүн) дон жүктөп алуу жана катталуу зарыл.

Коомдук оферта менен таанышуу да сунушталат. Коомдук оферта – бул электрондук капчыктын пайдалануучусу менен оператордун укуктары жана милдеттери камтылган келишим.

Коомдук оферта

Тарифтер жана лимиттер

Тиркемени жүктөө: