Социалдык бизнес

Социалдык бизнес

СОЦИАЛДЫК МИССИЯСЫ БАР БАНК

Компаньон Банкы, өз Миссиясын кармануу менен, кардарлардын жана жамааттардын экономикалык жана социалдык бакубаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн сакталуусуна өбөлгө түзүүчү социалдык жооптуу финансы кызматтарын берет. Миссиянын алкагында, 2010-жылы Банкта агрономия жана мал чарбасы тармагындагы жогору квалификациялуу 30 адистен турган окутуу жана жамааттарды колдоо адистештирилген бөлүмү түзүлгөн, алар өлкөнүн алыскы региондорунда жашаган багбандар жана фермерлер үчүн ар жылы консультацияларды жана акысыз окутууларды өткөрүшөт. 

Биз Банк 2019-жылдын майында  «Социалдык миссиясы бар банк» брошюрасын чыгарганын кубануу менен билдиребиз, анда банктын бардык өнүктүрүү демилгелерин жана Компаньон Банкынын командасы тарабынан 15 жылда жасалган иштердин натыйжаларын кеңири сүрөттөгөнбүз. 


2019 – 2021-жылдарга кабыл алынган Банктын стратегиясынын алкагында, банк кызматтары менен катар эле, биз жергиликтүү жамааттарды бекемдөө үчүн финансылык эмес кызматтарды берүүнү жана аларга социалдык-экономикалык өнүгүүдө көмөк көрсөтүүнү улантабыз. Банк кызматтары менен камтылбаган жамааттар үчүн, анын ичинде мигранттар үчүн Финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү программасы жаңы артыкчылыктуу багыт болуп калат, ал үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу жана жамааттардын деңгээлинде топтоолор маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзмөкчү.

Өнүктүрүү демилгелери

Компаньон Банкынын өнүктүрүү командасы алыскы региондогу алсыз жамааттарга Фермердин талаа мектебинде бир жылдык окууну өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ар бир жыл биз 20 тренинг сунуш кылабыз, алар эки багыт боюнча этноэкологиялык мамилеге негизделген:  «Экобакча» (агрономия) жана «Үй малын башкаруу» (мал чарба). 2010-2018-жылдар аралыгында 20 460 тренинг өткөрүлүп, ага 45 735 катышуучу катышкан. Кыргызстандын аймактык камтуусу 1200дөн ашык айылды түздү.

Биз үй чарбаларга өндүрүштүк активдерин (короо жай участоктору) жана жаратылыш ресурстарын (жайкы жана кышкы жайыттары, суу ресурстары) башкарууга жардам беребиз. Алган билимдерин жана ыкмаларын колдонуп, үй чарбалар түшүмдүн сапатын жакшыртат жана малдын кунардуулугун жогорулатат, бул калктын кирешесин көбөйтүүгө алып келет.

2016-жылдын жыйынтыгында Фермердин талаа мектебинде окуган 63% үй чарбалар 2015-жылы менен салыштырганда өз кирешесин көбөйттү.  

 

Жамааттар үчүн иш-чаралар

Окутуучу өнүктүрүү демилгелери элет жергесиндеги жылдык масштабдык мобилизациялык иш-чаралар менен толукталат. Компаньон Банкы айыл чарба жарманкелерин, «Айыл Алга» өнүктүрүү фестивалдарын, салттуу Алма фестивалын өткөрөт. Ачык аянтчага биз айыл чарба продукциянын өндүрүүчүлөрүн жана сатып алуучуларын, биолабораторияларынын, питомниктердин өкүлдөрүн, асыл тукум малдын ээлерин, кайта өндүрүүчүлөрдү эки тарапка тең пайдалуу контракттар түзүү жана түз базар байланыштарын аныктоо үчүн чакырабыз. Бул иш-чаралардын негизги максаты – жамааттардын экономикалык потенциалын чыңдоо үчүн айыл чарбанын жана базар байланыштарынын өнүгүшүнө жардам көрсөтүү.