- Бизнеске
- Кредиттер
- Жашыл бизнес-кредити
Жашыл бизнес-кредити
Компаньон Банкы айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишкерлерге жашыл бизнес-кредиттерди сунуштайт.
Жашыл бизнес кредиттеринин артыкчылыктары:
- ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү экономикалык жана экологиялык пайда;
- энергия чыгымдарын азайтуу;
- ден соолукка жана экологияга карата коркунучтарды азайтуу;
- экологиялык жоопкерчиликтүү компания репутациясын түзүү.
Кредиттин суммасы: 5 000 ден 8500 000 сомго чейин.
- 100 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн.
- 250 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайтадан кайрылган кардарлары үчүн
Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин.
Камсыздоо катары "Компаньон Банкы" ЖАКтын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары белгиленген кредиттер боюнча кредиттин мөөнөтү 1 айдан баштап, депозиттин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
Номиналдуу пайыздык чен: 20%дан башталат.
Натыйжалуу пайыздык чен:22,10% дан башталат.
Камсыздоо: кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк жана кепилдик
Максатсыз пайдалануу үчүн айып: 250 000 сомдон жогору кредиттер боюнча суммадан 3%.
Кредитти накталай берүү үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.
Жашыл керектөө кредити төмөнкү максаттарга берилет:
- Моторсуз же аз көмүртектүү транспортту сатып алуу (велосипеддер, скутерлер, электромобилдер жана башка),
- Таштандыларды сорттоо/кайра иштетүүгө даярдоо,
- Күн панелдерин, жылыткычтарды, жылуулук насосторун жана кайра жаралуучу энергиянын башка булактарын орнотуу,
- Дыйканчылык үчүн жабдууларды, инвентарларды жана материалдарды сатып алуу,
- Тамчылатып сугаруу жана гидропоникалык системаларды орнотуу,
- Тракторлорду, комбайндарды, чачкычтарды, экскаваторлорду жана башка айыл чарба жабдууларын сатып алуу,
- Күнөскана куруу жана уюштуруу, суу үчүн цистерналарды, биожерсемирткичтерди, атайын кийимдерди, полиэтилен пленкаларын ж. б. сатып алуу,
- Жогорку өндүрүмдүү малды сатып алуу жана багуу,
- Эт өндүрүү, канаттуулар чарбасы, тоют өндүрүү,
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү: эгин сактоочу бастырмаларды, кампаларды куруу/оңдоо,
- Жана жашыл каржылоого ылайык болгон башка максаттар.
Ким кредитти ала алат:
18 жаштан 68 жашка чейинки жеке жактар жана индивидуалдуу ишкерлер:
- Кыргызстандын паспорту бар
- патенттин негизинде бизнес жүргүзгөн индивидуалдуу ишкерлер
- юридикалык жактар.
Бизнес 3 айдан кем эмес убакыт иштеген болушу керек. Агробизнес үчүн иш мөөнөтү: бирден кем эмес айыл чарба циклы. Ошондой эле бирден ашык киреше булагынын болушу сунушталат.0
5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз