kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Карточкалык антифрод секторунун адиси

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Карточкалык антифрод секторунун адиси

Биздин баалуулуктар

  • Жигердүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Клиенттерге багыт алуу.
  • Адалдык.

Биз сунуштайбыз

  • Конкуренттүү айлык акы.
  • Кесипкөй команда менен иштөө.
  • КР Эмгек кодекси боюнча ишке орноштуруу.
  • Эркин кийим коду.
  • Карьералык өсүү жана окуу.

Кызматтык милдеттери:

  • Антифрод системалары боюнча инциденттерди кароо жана иштеп чыгуу;

  • Банктын карталары боюнча операциялардагы алдамчылык схемаларды анализдөө, алардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү;

  • Антифрод системаларындагы эрежелерди орнотуу, тестирлөө жана оптималдаштыруу;

  • Фрод-инциденттерди иликтөө боюнча Банктын бөлүмдөрү, процессинг борборлору жана эл аралык төлөм системалары менен (Visa, Mastercard) өз ара аракеттенүү;

  • Антифрод орнотууларынын натыйжалуулугун мониторинг кылуу жана инциденттер боюнча аналитикалык отчетторду даярдоо;

  • Карточкалык фродду башкаруу боюнча ички методикаларды жана нускамаларды иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу;

  • Жаңы карточкалык продукттарды тестирлөөгө жана операциялардын коопсуздугуна таасир эткен бизнес-процесстердеги өзгөрүүлөргө катышуу;

  • Карточкалык алдамчылыкты аныктоо жана алдын алуу боюнча кызматкерлерди окутуу жана консультация берүү.

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Жогорку билим (экономикалык, финансылык же маалыматтык коопсуздук багытында);

  • Карточкалык ишмердүүлүк, процессинг же антифрод тармагында кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы, анын ичинде МПЦ жана эл аралык төлөм системалары (Visa, Mastercard) менен иштөө тажрыйбасы;

  • Карточкалык продукттардын иштөө принциптерин, авторизация, клиринг жана эсептешүү процесстерин билүү;

  • Антифрод мониторинг системалары менен иштөө тажрыйбасы (анын ичинде Visa Risk Manager / Fraud Management), эрежелерди орнотуу жана сигналдарды анализдөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;

  • Маалыматтарды анализдөө жана фрод-инциденттер боюнча аналитикалык отчетторду даярдоо көндүмдөрү;

  • Процессинг системаларынын архитектурасын жана ДБО каналдарын (интернет/мобилдик банкинг, POS, ATM) түшүнүү;

  • Алдамчылыкка каршы күрөшүү жана маалыматтарды коргоо боюнча укуктук аспектилерди билүү артыкчылык;

  • Жаңы технологияларды жана ыкмаларды үйрөнүүгө даярдык;

  • Лидерлик жана уюштуруучулук көндүмдөр, чечим кабыл алуу, кызматкерлерди окутуу жана Банктын бөлүмдөрү менен натыйжалуу иштешүү жөндөмү;

  • Тыкандык, аналитикалык ой жүгүртүү, жоопкерчилик жана натыйжага багытталуу.

Карточкалык антифрод секторунун адиси

  • филиалы

    Башкы кеңсе

  • Регион

    Бишкек

  • Жарыяланган күнү

    бештин айы 19, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form