- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Офис-менеджер
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Офис-менеджер
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз сунуштайбыз:
- Атаандаштыкка жарамдуу эмгек акы.
- Кесипкөйлөрдүн командасында иштөө.
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Окутуп-үйрөтүү жана карьералык өсүш.
Кызматтык милдеттери:
- Иш кагаздарын жүргүзүүдө жана административдик процесстерде Филиалдын жана кеңсенин кызматкерлерине эффективдүү колдоо көрсөтүү.
- Филиалдын кириш жана чыгыш корреспонденцияларын, документтерди тариздөө жана аларды өз убагында даректерге өткөрүп берүү/жөнөтүү.
- Телефон чалууларды кабыл алуу.
- Кеңсени жана кызматкерлерди керектүү кеңсе жана тиричилик буюмдары менен камсыз кылуу.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку кесиптик (экономикалык, юридикалык, финансылык) билими, 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
- Документтердин жүгүртүлүшүнүн жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги принциптерин билүү (анын ичинде кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү).
- Складдык эсепти жүргүзүүнүн эрежелерин жана негизги принциптерин билүү.
- Компьютерлерди жана башка кеңсе техникаларын иштетүү эрежелерин билүү.
- Ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана маалыматтык коопсуздукту сактоо эрежелерин билүү.
- Компьютерди ишенимдүү колдонуучунун деңгээлинде билүү (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б.).
- Орус жана кыргыз тилдерин оозеки, жазуу жүзүндө билүү.
- Адамдар менен тил табыша алуусу, жоопкерчиликтүүлүк, топто жана өз алдынча иштей билүү, жигердүүлүк, жана өзүнүнфункционалдык милдеттерин аткарууга позитивдүү мамиле.
- Стресстик кырдаалдарда иштей билүү жөндөмдүүлүгү жана Банктын ишмердүүлүгүнө активдүү катышууну каалоо.
- Топтук ишти уюштура билүү жана тапшырмаларды аткаруу үчүн иш убактысын билгичтик менен бөлүштүрүү.
Офис-менеджер
- филиалы
Ош филиалы
- Регион
Ош
- Жарыяланган күнү
бештин айы 25, 2024
Бөлүшү