kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Ош-Датка филиалынын кредитөө боюнча директордун орун басары

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Ош-Датка филиалынын кредитөө боюнча директордун орун басары

Биздин баалуулуктар:

  • Чечкиндүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Кардарларга көңүл коюу.
  • Чынчылдык.

Биз эмнени сунуштайбыз:

  • Татыктуу эмгек акы.
  • Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
  • КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.

Кызматтык милдеттери:

  • Филиалдын директорунун түздөн-түз колдоосу менен Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлерлерин эффективдүү иштешин камсыз кылуу.
  • Филиалдын (Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлерин) персоналын мыкты менеджмент ыкмаларын колдонуу аркылуубашкаруу.
  • Банктын кредиттик ишмердүүлүгүн кеңейтүү боюнча Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлеринин ишерин координациялоо.
  • Филиалдын кызматкерлери менен Банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосундагы байланышты камсыз кылуу.
  • Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча отчетторду даярдоо.
  • Кредиттик бөлүмдүн жетекчисине кредит алуучулардын кредиттик тобокелдиктерин баалоода жардам берүү жана анын ишин көзөмөлдөө. Кредиттик бөлүмдүн кызматкерлерине көйгөйлүү кредиттер боюнча консультациялырды өткөрүү.
  • Ыйгарым укуктардын чегинде кредиттик өтүнмөлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу жана/же ыйгарым укуктардын чегинде Кредиттик Комитеттердин жыйындарына катышуу.
  • Кичи кредиттик комитеттердин жыйындарынын өз убагында өткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү камсыз кылуу. 
  • Кардарлар жана карыз алуучулар менен маселелерди өз убагында чечүүнү көзөмөлдөө.

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Жогорку кесиптик билиим (экономикалык, юридикалык, каржылык багытта).
  • Кредиттөө жаатында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасынын болушу. Жетекчилик кызматта кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасынын болушу (артыкчылктуу).
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктардын кредитөө чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу ченемдик  укуктук акттарын, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү ( мындан ары - ТИК/ККЛКА) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү. 
  • Компьютердик сабаттуулук (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б. билүү).
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүүсү милдеттүү. Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
  • Тапшырмаларды так аныктап, артыкчылыктарды белгилей билүү жөндөмү.
  • Иште натыйжа көрсөтө билүүсү жана стандарттуу эмес чечимдерди табуу жөндөмү.
  • Аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүнү болушу, демилгелүүлүк.
  • Мыкты коммуникациялык, уюштуруучулук жана башкаруучулук көндүмдөрдүн болушу.


Ош-Датка филиалынын кредитөө боюнча директордун орун басары

  • филиалы

    "Ош-Датка" филиалы

  • Регион

    Ош

  • Жарыяланган күнү

    бештин айы 31, 2024

Бөлүшү

Жумушка кайрылуу

app-form