- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Карыздарды өңдүрүү боюнча менеджер
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Карыздарды өңдүрүү боюнча менеджер
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
Кызматтык милдеттери:
- Банктын кызматкерлерине көйгөйлүү карыздарды кайтаруу боюнча консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле көйгөйлүү карыздар менен иштөө.
- Көйгөйлүү карыздардын пайда болушун жана алдын алуу чараларын талдоо.
- Көйгөйлүү карыздар менен иштөө процессин филиалдардын жана Башкы кеңсенин түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүү аркылуу көзөмөлдөө жана координациялоо.
- Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана Банктын чарбалык-каржылык ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында дооматтарды, соттук иштерди кароонун натыйжаларын, чарбалык келишимдерди түзүү жана аткаруу практикасын изилдөө, талдоо жана жалпылоо.
- Филиал дооматтарга, доо арыздарга, пикирлерге, өтүнүчтөргө, арыздарга, каттарга жана башкаларга жоопторду даярдоосу үчүн Банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынанмаалымкаттардын, эсептөөлөрдүн, түшүндүрмөлөрдүн жана башка материалдардын өз убагында берилүүсүн камсыздоо максатында өз ара аракеттешүүнү натыйжалуу ишке ашыруу.
- Банктын АБСына соттук кредиттердин статустарын киргизүүнүн жана өзгөртүүнүн тууралыгына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп туруу.
- Көйгөйлүү карыздар боюнча аналитикалык отчетторду мезгил-мезгили менен даярдоо, филиалдын кызматкерлерине консультация берүү.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку билим.
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы чектөөсүз, банк тармагында эки жылдан кем эмес. .
- Каржылык-кредиттик мекемелер жөнүндө мыйзамдарды, мыйзамдык жана ченемдик акттарды, операциялык жана кредиттик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук акттарды жана нускамаларды билүү.
- Орус тилинде эркин сүйлөп жана сабаттуу жаза билүүсү, кыргыз жана англис тилдерин билүү артыкчылык болуп саналат.
- Адамдар менен тил табыша алуу, стресске чыдамдуулук, командада иштей алуу.
Карыздарды өңдүрүү боюнча менеджер
- филиалы
Бишкек филиалы
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
жетинин айы 20, 2024
Бөлүшү