- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Кредиттик мониторинг секторунун адиси
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Кредиттик мониторинг секторунун адиси
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
Кызматтык милдеттери:
- Банк менен Кредиттик бюронун ортосундагы кредиттик маалыматты туура жана өз убагында өткөрүп берүүнү көзөмөлдөө.
- Өткөрүлүп жаткан маалыматтардын белгиленген нормативдерге жана талаптарга шайкештигин камсыз кылуу.
- Документацияны жүргүзүү, материалдарды жана жыйындардын протоколдорун даярдоо.
- Кароонун жана чечим кабыл алуунун жол-жоболорунун сакталышын көзөмөлдөө.
- Түшкөн документтерди жана материалдарды талдоо, чечим кабыл алуу же кийинки аракеттердин тартибин аныктоо.
- Маалыматтарды иштеп чыгуунун мөөнөттөрүн жана сапатын көзөмөлдөө.
- Кредиттөө боюнча сектордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу айлык отчетторду даярдоо жана берүү.
- Маалыматтарды талдоо жана визуалдаштыруу, негизги тенденциялар менен четтөөлөрдү аныктоо.
- Учурдагы маселелер, кошумча макулдашуулар жана келишимдер боюнча байланыш жүргүзүү.
- Шарттарды макулдашуу, тиешелүү документтерди даярдоо жана кол коюу.
- Сектордун жоопкерчилигине кирген маселелер боюнча банктын тиешелүү башкаруу органдарына сунуштарды киргизүү.
- Негиздемелерди, түшүндүрмө каттарды жана демилгелүү каттарды даярдоо.
- Процесстерди жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүксүз издөө.
- Автоматташтыруу, санариптик чечимдерди киргизүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду демилгелөө жана катышуу.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
Билими: жогорку (экономикалык, финансылык).
Банктын тармагында кеминде 1 жылдык эмгек тажрыйбасы.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттөө чөйрөсүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларын билүү.
Кредиттөө жаатындагы нормативдик базаны билүү.
Компьютерди (Microsoft Word, Excel, Outlook) тажрыйбалуу колдонуучу деңгээлинде билүү.
Иш кагаздарын жүргүзүү жана расмий баарлашуу көндүмдөрү.
Өз ойлорун оозеки жана жазуу түрүндө эркин жана түшүнүктүү жеткирүү жөндөмү.
Адалдык, стресске туруктуулук, аткаруучулук жана жоопкерчилик.
Миссияны так аныктап, артыкчылыктарды белгилей билүү.
Аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүү, демилгелүүлүк.
Кыргыз жана орус тилдеринде оозеки жана жазуу түрүндө эркин сүйлөө жана жазуу жөндөмү.
Кредиттик мониторинг секторунун адиси
- филиалы
Башкы кеңсе
- Регион
Бишкек
- Жарыяланган күнү
чын куран айы 23, 2025
Бөлүшү