- Жеке кардаарлар учун
- Бош иш орундары
- Юрист
Компаньон Банкынын командасы издөөдө Юрист
Биздин баалуулуктар:
- Чечкиндүүлүк.
- Натыйжалуулук.
- Кардарларга көңүл коюу.
- Чынчылдык.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
- Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Татыктуу эмгек акы.
Кызматтык милдеттери:
- Филиалдын ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоо.
- Тиешелүү органдарда бүтүмдөрдү каттоо.
- Юридикалык корутундуларды, анын ичинде күрөөлөр боюнча корутундуларды даярдоо.
- Мамлекеттик органдар, сот органдары жана нотариустар менен өз ара аракеттешүү.
- Сот процесстерине катышуу.
- Операциялык процесстин ар кайсы бөлүктөрү боюнча документ жүгүртүүнү уюштуруу.
Талапкерден эмнени күтөбүз:
- Жогорку юридикалык билим.
- Каржы-кредит мекемелеринде 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
- Кыргыз Республикасынын каржылык-кредиттик уюмдары тууралуу мыйзамдарын, ошондой эле жарандык жана эмгек мыйзамдарын билүү.
- Кредиттик ишмердүүлүктү жөнгө салуучу Улуттук банк тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды билүү.
- Документ жүгүртүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги принциптерин билүү (кадрдык иш кагаздарын жүргүзүүнү кошкондо).
- Сот органдары менен иштөө тажрыйбасы жана сот процессине катышуу тажрыйбасы.
- Кыргыз жана орус тилдерин билүүсү.
Юрист
- филиалы
Ош филиалы
- Регион
Ош
- Жарыяланган күнү
үчтүн айы 10, 2025
Бөлүшү