kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Бош иш орундары
  • Операция бөлүмүнүн башчысы

Компаньон Банкынын командасы издөөдө Операция бөлүмүнүн башчысы


Биздин баалуулуктар:

  • Чечкиндүүлүк.
  • Натыйжалуулук.
  • Кардарларга көңүл коюу.
  • Чынчылдык.

Биз эмнени сунуштайбыз:

  • КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу.
  • Ири, туруктуу жана тез өнүгүп жаткан компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.
  • Татыктуу эмгек акы.

Кызматтык милдеттери:

  • Улуттук жана чет өлкө валюталарында жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү жана талап боюнча депозиттерин, карта эсептерин ачуу жана жабуу боюнча операцияларды АБСте (автоматташтырылган банк системасында) текшерүү жана верификациялоо, тиешелүү тастыктоочу документтерди түзүү.
  • Улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кардарлардын эсеп-кысап эсептери, талап боюнча депозиттери жана карта эсептери боюнча жүргүзүлгөн накталай эмес операцияларды АБСте көзөмөлдөө жана верификациялоо.
  • Кардарлар тарабынан берилген конвертация боюнча арыздардын негизинде жүргүзүлгөн эсептердеги конверсиялык операцияларды АБСте текшерүү жана верификациялоо.
  • Локалдык система жана эл аралык акча которуу системалары аркылуу банктык эсеп ачпастан алынган жана берилген акча каражаттары боюнча операцияларды Банктын маалымат системаларында көзөмөлдөө жана текшерүү.
  • Банктын белгиленген тарифтерине ылайык комиссиялардын туура кармалышын көзөмөлдөө.
  • Филиалдын лоро-эсептерин, гросс жана клирингдик төлөмдөрүн салыштырып текшерүү.
  • Улуттук жана чет өлкө валюталарында жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери боюнча операцияларды текшерүү жана верификациялоо.
  • Кардар досьелеринин толук калыптандырылышын жана сакталуусун көзөмөлдөө.
  • Банктын кызматтары, продуктылары жана тарифтери боюнча кардарларга кеңеш берүү.
  • Акча которуу системалары боюнча күнүмдүк отчетторду түзүү жана АБСтеги операциялар боюнча эсептерди салыштырып текшерүүнү белгиленген тартипте жүргүзүү.

Талапкерден эмнени күтөбүз:

  • Билими: жогорку экономикалык билим же финансылык-кредиттик уюмдардагы тажрыйбасы менен толукталган башка жогорку билим.
  • Финансылык же банктык тармакта адистиги боюнча кеминде 2 жылдык иш тажрыйба.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана банктын ишин жөнгө салуучу НБКРдин ченемдик укуктук актыларын билүү.
  • Эл аралык финансы отчеттуулук стандарттарын (МСФО) билүү жана түшүнүү.
  • Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн негиздерин, коммерциялык банктардын эсеп пландарын, МСФОго ылайык финансылык отчеттуулукту түзүүнүн принциптерин жана талаптарын билүү.
  • Документообороттун уюштурулушу жана банктык операцияларды эсепке алуу документтеринде чагылдыруу тартибин билүү.
  • Компьютерде жана MS Office (Word, Excel, Outlook ж.б.) тиркемелери менен иштей билүү.
  • Расмий каттарды түзүү жана административдик суроолорго жооп берүү жөндөмү.
  • Кыргыз жана орус тилдеринде оозеки жана жазуу жүзүндө эркин сүйлөй билүү.

Операция бөлүмүнүн башчысы

  • филиалы

    Узген филиалы

  • Регион

    Ош

  • Жарыяланган күнү

    чын куран айы 23, 2025

Бөлүшү

Жумуш ордуна арыз калтыруу

ФИО *

Электрондук почтаңыз *

Телефон номериңиз *

Резюмеңизге шилтеме (HeadHunter, LinkedIn ж.б.)

app-form