Биздин кардарларыбыз

ӨЗГӨН ФИЛИАЛЫ ФЕРМЕРЛЕРДИ ЖАНА АЙЫЛ ОКРУГДАРЫНЫН АДИСТЕРИН КОМПОСТУ ДАЯРДООГО ҮЙРӨТТҮ

Жаз келиши менен бүткүл өлкө боюнча айдоо иштери башталды. Жамааттардын өнүгүшүнө биздин Өнүктүрүү Бөлүмүбүздүн салымын жергиликтүү өзүн башкаруу деңгээлинде бааланды, ошондуктан февралда биздин Өзгөн филиалыбыз Өзгөн районунун айыл чарба департаментинен айдоо иштерин өткөрүү боюнча семинарга катышууга өтүнүч менен кат алды. Биздин агрономдорго компосту даярдоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузуу жана аны колдонуу боюнча тренингди өткөрүүгө сунуш берилди.    

Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин бардык кызматкерлери, айыл округдарынын башчылары, айыл округдарынын башкы адистери жана бардык кызыктар болгон фермерлер катышкан семинар 2013-жылдын 5-мартында болуп өттү. Баардыгы семинарга 100дөн ашык адам катышты. 

Биринчи теоретикалык бөлүгү Ак-Жар айыл округунун Маданият үйүндө өттү, ал эми практикалык бөлүгү жергиликтүү фермер Жолдошбаев Мамытжандын үй-чарбасында өттү. Мамытжан “Эко-Бакча” демилгесинин катышуучусу. 2011-жылдын октябрында тренингге катышкандан кийин ал компосту даярдай баштады жана аны күрүчтү айдаганда колдонду. Мамытжан жогорку сапаттагы, экология жактан таза күрүчтүн эң жакшы түшүмүн алды. Мамытжан сан менен эсептегенде бир гектардан 60 центнер шалы (тазаланбаган күрүч) жана чыгышында 65% күрүч алды.
 
Бардык айыл округдарынын өкүлдөрү айыл-чарба өсүмдүктөрү үчүн экономикалык пайдалуу жана экологиялык коопсуз жер семирткичтерин, компосту даярдоо боюнча окууларды жана тажрыйбаларды алышты.
 
Семинарда дээрлик бардык райондук ишканалардын өкүлдөрү: суу чарбасынын, урук инспекциясынын, ветеринардык башкармалыгынын, өсүмдүктөрдү коргоонун, агрардык өнүгүүнүн райондук  департаментинин башкы адистери чыгып сүйлөгөнүнө карабастан, семинардын негизги бөлүгүн Компаньондун Өнүктүрүү Бөлүмүнүн адистеринин чыгып сүйлөөлөрү түздү. Компаньонду ачуу аземи, анын максаты жана миссиясы жөнүндө Өзгөн филиалынын ветеринары Джолболдуев Муратали өткөрдү, ал эми компосту даярдоо боюнча практикалык бөлүгүн Өзгөн филиалынын агроному Аликулов Мамат өткөрдү.

 

 
 
 

 

Бардык кардарлар