Биздин кардарларыбыз

ТУРАК ЖАЙ НАСЫЯСЫН АЛГАН БИРИНЧИ КАРДАР НАСЫЯ ЖАНА ЖАҢЫ ҮЙ ЖӨНҮНДӨ ӨЗҮНҮН ОЙЛОРУ МЕНЕН БӨЛҮШТҮ

2013-жылдын июнь айынында “Компаньон” жаңы өнүмдү ишке киргизди, бул өнүм Кыргызстандагы кирешеси төмөн жана орто деңгээли менен үй-бүлөлөрдүн турак жай керектиктерин камсыздоого багытталган. Бүткүл Кыргызстан боюнча бир нече киши турак жай насыясын алышты, ошондой эле көбүнчөсү насыяны алууну күтүп жатат.    
 
Турак жай насыялоо программасынын максаты турак жай сатып алууга ипотека насыяларын жеткиликтүү кылуу менен насыяны төмөн жана орто деңгээлиндеги кирешеси бар үй-бүлөлөргө курулуш же оңдоо иштерине берүү. Программа жакында ишке киргенине карабастан, алгачкы кардарлар насыянын каражаттарын өз турак жай шарттарын жакшыртууга колдонуп жатышат.   
 
Биз Дилде Обозова менен жолугуштук, ал турак жайдын биринчи кардары жана “Компаньондун” 9 жылдан бери лоялдык кардары болуп саналат. Жакында ал насыясын өз батирин сатуудан алынган акчасы менен колдонуп, Токмоктон үй сатып алган. Ал бул сатып алууну өз үй-бүлөсүнүн комфортуна жана ийгилигине салым болгон деп карайт.    
 
Дилде колунда батирдин сатылышынан түшкөн акча гана бар болсо, өз каалаган үйгө жетмек эмес,  бирок “Компаньондун” насыясы үй сатып алууну мүмкүнчүлүккө айландарды.   
 
- Бул насыя менин жана үй-бүлөмдүн жашоосун өзгөртөт. Бакчалуу үйгө ээ болуу өтө ыңгайлуу, анткени кыргыздарда тойлорго көп конок чакыруу салт болуп эсептелет. Ошону менен неберелерим үчүн короодо жана бакчада ойноо чоң кубаныч, - деп Дилде анын жаңы үйү менен үй-бүлөсүнө кайсы өзгөрүүлөр келгени тууралуу суроого жооп берди.
 
Дилде “Компаньондун” турак жай насыясы жөнүндө өз районундагы насыя адистеринен билип алды. Ал Токмоктогу батиринен газ жана жылытуусу бар ыңгайлуу үйгө көптөн бери көчөйүн деп жүргөн себебинен, ипотекалык насыяны алууну чечти.
 
Дилде насыяны алаардын алдында, ипотекалык насыялоо рыногун изилдеп карап чыгып, натыйжасында “Компаньонго” кайрылды, аны төмөн пайыз чендер жана насыялоонун эң ылайыктуу шарттары кызыктырды. “Компаньон” насыяны кыргыз сому менен берет, бул насыя алуучу үчүн абдан ыңгайлуу. Мындан тышкары бул өнүм негизинен насыя алууга мүмкүнчүлүктөрү азыраак элет жериндеги кардарларга багытталган.    
 
Дилде үчүн “Компаньондон” турак жай насыясын тандап алуу эң жакшы чечим болду.
 
Дилде ылайыктуу үйдү издеп жүргөндө, өзүнө жана үй-бүлөсүнө жашоону жеңилдетүү үчүн газ жана үй жылытуу тутуму бар гана үйлөрдү карап чыккан. Дилде жаңы үйдү ден соолугуна жана келечектеги жыргалчылыкка инвестиция катары гана карабастан, ошондой эле өз балдарына жана неберелерине өтө турган мурас катары калтыра турган үй деп эсептейт. Дилденин кичүү уулу үйлөнгөндө, уулу балдарын өстүрүп жана үй-бүлө куруп, комфортуу үйдө жашасын деп үйдү баласына калтыргысы келет.    
 
- Мен “Компаньонго” элге каржылык көз карандысыздык мүмкүнчүлүгүн берген үчүн алкыш айткым келет. Менин турак жай насыям менен кыйынчылык болбойт деп ойлойм, - деп ал кошумчалап кетти.
“Компаньон” Дилдеге, анын үй-бүлөсүнө жакшылык каалап, биздин окурмандарыбыз менен ипотекалык насыя жөнүндө ойлору менен бөлүшкөндүгү үчүн алкыш айтат. 

Бардык кардарлар