Биздин кардарларыбыз

ДЖАЛАЛ-АБАДДАН ЖАШ, ЖАКШЫНАКАЙ ҮЙ-БҮЛӨӨ ҮЧҮН ЖАҢЫ ҮЙ

Жеңишбек Абдрахманов 28 жашта, ал Кыргызстандын түштүгүндөгү Джалал-Абад шаарында аялы, кичинекей кызы жана бир жаштагы баласы менен жашайт. Жеңишбек Ош Мамлекеттик Университетин менеджмент адистиги боюнча бүтүрүп, кыргыз компанияларынын биринде продукциянын дүң реализатору болуп иштейт. 

Жеңишбек ийгиликтүү жаш ишкер, ал аялы менен өз үйү же батири жөнүндө көптөн бери эңсеп жүрүшкөн. Бирок турак жайга Кыргызстандын рыногундагы кымбат баалар менчик үй сатып алууга мүмкүнчүлүк бербей келген.    

“Компаньон” 2013-жылдын июлунда жаңы өнүмдү ишке киргизди – ипотекалык насыялоого, турак жайды куруу жана төмөн жана орто кирешелүү үй-бүлөлөрдүн турак жай шарттарын жакшыртуу насыяларына жеткиликтүүлүктү жеңилдетүүгө багытталган “турак жай насыясы”. Жеңишбек менен анын үй-бүлөсү турак жай насыясын алууга абдан жакшы талапкерлер болуп, насыя алууга сурамды өнүм ишке киргизилгенден кийин беришти.  
 
Бардык документтерди жазып-каттоодон кийин Жеңишбек жана анын үй-бүлөсү турак жай алуучулардын биринчиси болуп калды. Алар августта турак жай алып, бир айдан кийин ар бирине бөлмө бөлүнгөн ыңгайлуу батирге көчүштү.  
 
“Биз беш жыл мурун үйлөнгөнбүз жана ушул мезгилдин ичинде турак жайды ижарага алып жүргөнбүз, бул чындыгында ыңгайсыз экен. Биз тез-тез көчүүгө аргасыз болуп жүрдүк, кээде ижарага берүүчүлөр менен урушуп кетчибиз. Ошол эле учурда сага эч качан таандык болбогон нерсеге төлөө жагымсыз экен. Ижарага алган батир үчүн азыраак акча төлөгөнгө караганда, өз үйүңө кичине көбүрөөк төлөгөн жакшы”, - деп айтты Жеңишбек.     
 
“Бизге толугу менен жаккан батирибизди табып алганбыз, бирок аны сатып алууга өзүбүздүн үнөмдөгөн акчабыз жетпей жаткан эле. Жетпеген сумманы топтош үчүн биз дагы бир нече жыл иштемекпиз, бирок келечекте турак жайга баалар кандай өзгөрүлө турганын эч ким билбейт”, - деп айтты Жеңишбек.    
 
“Албетте, мен бизнестен акча чыгара алат элем, бирок бул менин алган пайдама терс таасир бермек. Силер билгендей, менин бизнесим, бул менин үй-бүлөм үчүн аялым кичүү балам менен декрет өргүүсүндө болуп турган учурда, кирешенин негизги булагы болуп саналат”, - деп ал кошуп кетти.  
 
Женишбек үчүн “Компаньондон” жаңы насыянын чыгышы эң туура убакытка дал келди. Анын Компаньондон берилген турак жай насыясында жана Кыргызстандын экономикалык келечегинде чоң үмүтү бар.
  
“Мен ойлойм, турак жай насыясы Кыргызстандын элинин арасында атактуу болот деп. Башында насыяга үй сатып алуу мен үчүн коркунуч туудурду. Ишенимдүүлүк болгон жок, анткени мен мындай бүтүмдөр менен эч качан аралашкан эмесмин. Бирок өзүмдүн насыямды алып жана батир сатып алгандан кийин досторума “Компаньондон” насыя алууну сунуштадым, - деп Женишбек өзүнүн келечектеги ойлору жөнүндө айтып берди.
 
“Бул насыялар Кыргызстандын эли үчүн эң чоң жардам”.

Бардык кардарлар