Биздин кардарларыбыз

Алма бакчасы - кирешенин булагы

Жети жыл мурун Ысык-Көл облусунун Кичи Жаргылчак айылынын тургуну Тынчтыкбек Адигинеев чарбачылык ишин Компаньон менен байланыштырды. Бүгүн Тынчтыкбек - гүлдөгөн алма бактын ээси, ал жакта алманын түрдүү сорттору, абрикос жана башка  жемиш бактар өсөт.

 

«Совет учурунда заводдо иштечүмүн. Совет союзу кулагандан кийин жумушсуз калдым. Билимим 10 эле класс, тракторист кесибим менен шаарда жумуш табуу кыйын. Ошол үчүн айылга келдим», - деп айтып берди Тынчтыкбек.

 

2007-жылы Тынчтыкбек Компаньон менен иштеп баштап, кызматташтык азыркы күнгө чейин уланууда. Компаньондун насыя жана кеңештеринин жардамы менен көчөттөрдү сатып алып алма бакчаны тикти. Азыркы учурда алма бакча - Тынчтыбек жана үй-бүлөсүн киреше булагы болуп калды.

 

Алгач  Тынчтыкбек келинчеги менен Компаньондун адистеринен бакчылык боюнча билим алышты. «Бул жер иштетилбеген боз талаа болчу. Техника колдонбой өз колум менен баарын түздөдүм. Бүгүн болсо бул жерде көп бак бар. Компаниянын агрономдорунун кеңештери абдан жардам берди, алардан алган билимим менен бул бакты тиктим. Алмаларды, абрикосторду кандай тигиш керек экенди, аралык кандай болушу керектиги, кантип бутоо керек болгонду үйрөнүүабдан пайдалуу болду».

 

Кичине суммадан баштап, Тынчтыкбектин айтымына жараша, алгач насыя алгандан коркуп, алынган каражаттарды убактында кайтарууга шектенишкен, анткени иштери жаңы оңолуп, туруктуу кирешени күтүшкөн эмес. Бирок кийин насыя суммаларын көбөйтө башташты.  

 

Тынчтыкбектин көз карашы боюнча жетишкен ийгилиги үчүн үйбөсүнүн салымы чоң:

«Туугандар дайыма жардам беришет. Оор жумуш болгондо дайыма жардамга келип, чогулуп бирге иштейбиз».

 

Кардарыбыз туруктуу мээнеттин жана алган билимдин туура колдонулуусунун ийгиликке алып баргандыгын көрсөтөт.  

 

«Компаньон менен кызматташып ийгиликке жетип жатам, алма бакча түшүм менен кирешени берет. Абрикос сатуудан 200-300 миң сом киреше табабыз, алмаларды 60-70 миң сомго сатабыз. Жемиштерди айылга сатабыз, абрикостор үчүн атайын фура келет. Калганын базарда сатабыз. Көп адам менден үлгү алат. Мисалы, кошунам мурун эч нерсе кылбай отурчу, анан мени көрүп, иштей баштады, азыр бакчылык менен алектенет». 

Келечекте Тынчтыкбек ишин өнүктүрүп, мал да баккысы келет:

«Пландарыбыз көп, Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы, аракет кылып иштеп жатам. Сарай салып, мал чарбачылык боюнча билим алып, мал багуу жөнүндө ойлонуп жатам». 

Маалымат үчүн: 

2014-жылы Компаньондун жааматындагы ветеринар жана агрономдор Кыргызстандын 128 айылындын тургундарына 2560 акысыз тренинг өткүрүштү. Компаньондун адистери 37 000 кардар үчүн техникалык колдоо көрсөтүштү.


 

Бардык кардарлар