Биздин кардарларыбыз

Эмгекчил адамдардын бардык демилгелерде жолу болот!

Мээнеткич айылы, Чүй областы

Беризат Иманалиева 2005-жылдан бери биргелешип иштеп келет. Ал насыя каражаттарын он үчүнчү жолу алып, өзүнүн бизнесин ийгиликтүү өнүктүрүп жатат. 2005-жылы Беризат кызматташтарынан Компаньондун айылдын тургундарына айыл-чарба бизнесин өнүктүрүү үчүн насыя берип жаткандыгы жөнүндө уккан. Ошол кезде Беризат жана жубайы Мелис экөөнүн чакан чарбачылыгы бар эле, бирок чоңойуп келе жаткан үч уулун окутуу үчүн бардык малдарын сатууга туура келген. Ошондо жубайлар  уй сатып алуу үчүн топтук насыя алууну чечишкен. Бул үй-бүлө бир жылдан кийин, насыяны ийгиликтүү төлөп,  жылкы сатып алуу жана сарай куруу үчүн дагы насыя алган. Мал төлдөп, бара-бара үй-бүлөнүн кирешеси көбөйгөн. Алма бактарын отургузушту. Мелис активдүүлүк менен Компаньондун агрономдору менен кеңешип жатты, анткени бул үй-бүлө үчүн кодоо бактарын өстүрүү боюнча башка маалымат булактары жеткиликтүү эмес эле. Агрономдун бактарды кыюу жана өсүмдүк зыянкечтери менен кантип күрөшүү боюнча кеңештери пайдалуу жана натыйжалуу болду. Бул үй-бүлө алма, сүт жана эт сатуудан туруктуу киреше ала баштады.

Үй-бүлө чыгымдарын туура пландоонун жана Компаньондон алган финансылык сабаттуулуктун аркасы менен жубайлар кирешесин көбөйтүшүп, сапаттуу үй салышты.

"Кээде ушундай болооруна ишениш оор. Биз мурда кичинекей саман бөлмөдө жашачу элек, азыр болсо биздин абдан чоң үйүбүз бар!" – Беризат сыймыктанып жаңы үйдү көргөзүп айтып берди. "Компаньондун ветеринары акыркы насыя акчасынын бир бөлүгүнө бал челек сатып алып, балчелекчилик менен иштөөнү кеңеш берген", - деп аялынын баянын Мелис толуктады. "Мен аракет кылып көрөйүн деп чечип, бал челектерди сатып алып, бакчага койдум. Бул бакчаны чаңдантуу үчүн да пайдалуу болду, жана ошндой эле бал таттуу болду. Балды бүт үй-бүлөбүз менен жейбиз жана базарда килограммын 350 сомдон сатабыз. Натыйжада мен аары багууга абдан кызыгып алдым, жана жаңы бизнести кеңейтип, дагы он бал челек сатып алууну каалайм", - деп өзүнүн келечек пландары жөнүндө Мелис айтып берди.

 

Бардык кардарлар