Биздин кардарларыбыз

Тамчылатып сугаруу системасы: үнөмдүү жана ыңгайлуу!

Кызыл-Өрүк айылы, Ысык-Көл областы

Сыдыгалиев Абдилдин үй-бүлөсү дайыма мал чарбачылык кылып келишен: жылкы, уй жана кой багуу. Жаш кезде бардык нерсе оңой болгон, бирок, жаш өткөн сайын, чарбаны башкаруу кыйын болуп калды. Абдилдин улуу агасы Компаньондун айыл чарба боюнча акысыз тренинг өткөрүп жана бизнес каржылап  жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

 "Мен биринчи жолу 2011-жылы бакчаны багуу боюнча тренингге бардым жана Компаньон агроному менен тааныштым”, - деп Сыдыгалиев Абдил өзүнүн аңгемесин баштады. "Тренингдер абдан кызыктуу өттү, бардык нерсе жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен түшүндүрүлүп жатты. Мурда мен эч качан дыйкан чарбачылыкка кызыккан эмесмин. Бирок Компаньондун агроному бакча багуунун пайдасы, бак сортторунун ар түрдүүлүгү,  жагыштуу тамактын балдар жана неберелер үчүн пайдасы, тамчылатып сугаруу системалары сыяктуу жаңы технологиялардын артыкчылыктары жөнүндө ушунчалык кызыгып айтып бергенден кийин, менде өзүмдүн бакчам болсо деген кыял пайда болду", - деп Абдил эстеди.

2014- жылы келечектеги багбан малдарынын бир бөлүгүн саткан жана насыя алган. Ал акчанын жарымын көчөттөрдү малдардан коргоо үчүн жер тилкесинин дубалын курууга коротту. Акча каражаттардын экинчи бөлүгү жерди иштетүүгө, скважина казууга, 6 тонналык көлөмдүү суу топтогучу менен тамчылатып сугаруу системасын орнотууга кетти. Дыйкан агрономдун кеңеши боюнча көчөттөрдү сатып алган. Азыр Абдилдин үй-бүлөсүнүн өзүнүн бакчасы бар: бир гектар жерге 500 жаш алма көчөттөрү отургузулган. Мына эми бир-эки жылдан кийин биринчи түшүм жана биринчи киреше болот! 

Бардык кардарлар