Биздин кардарларыбыз

Жумуртка берүүчү тоокторду капаста багуу — ийгиликтүү бизнестин мисалы

Балыкчы шаары, Ысык-Көл областы

Сыдыгалиева Назгүл — ийгиликтүү ишкер жана беш баланын энеси. Ал өзүнүн Компаньондон биринчи насыясын 2005-жылда эле улуу баласынын жогорку окуу жайында окуусуна төлөө үчүн алган. Назгүл 2015-жылы  Компаньондун адистери чакан бизнес ачуу же өнүктүрүү боюнча чыныгы бизнес-пландарын, жана ошондой эле агрономдордун жана ветеринарлардын техникалык колдоосун жана кеңештерин берип жаткандыгы тууралуу уккан. Мындан сырткары, жаңы баштап жаткан ишкерлерге керектүү жабдыктарды камсыздоочулар жана асыл тукум иштери жөнүндө бардык маалыматтар берилет.

"Тооккананы кантип салуу керек, максималдуу киреше алыш үчүн жумуртка берүүчү тооктордун кайсы түрлөрүн өстүрүү керек, тоокторду капаста өстүрүүнүн эмне артыкчылыктары бар - ушунун баарын мен Компаньондун адистеринен үйрөндүм ", - деп Назгүл өзүнүн баянын айтып берди. "Бир аз ойлонгондон кийин, өзүмдүн бизнесимди баштап көрөйүн деп чечтим жана насыя алдым. Мен жаңылган жокмун. Төртүнчү айда тооктор жумуртка тууй башташты. Күнүнө мен 300 жумуртка чогултуп, өзүм жергиликтүү базарда сатам же жакын жердеги дүкөндөргө сатуу үчүн берем. Ошондой эле жумурткалардын бир бөлүгүн борбор шаардын чоң дүкөндөрүнө сатуу үчүн беребиз. Чарбачылыкта мага кичүү уулдарым абдан жардам беришет. Мен беш баламдын бардыгына татыктуу билим берип, аларды буттарына тургузам деп кыялданчы элем. Менин кыялым жакшы бизнес пландын жана жумуртка туучу тоокторду капаста багуудан алынган кирешенин аркасы менен ишке", - деп бул күчтүү аял өзүнүн ийгилиги тууралуу айтып берди. 

Бардык кардарлар