Биздин кардарларыбыз

Кийиздерден буюмдарды жасоо: сүйүктүү хоббиден туруктуу киреше

Зындан айылы, Ысык-көл облусу

Касенова Шактыгүл күнөскана куруу үчүн насыя алды жана уттурган жок. Азыр бүт үй-бүлө туура тамактанып жаткан гана кези эле эмес, алар жашылчаларды сатуудан да киреше алып жатышат.

“2016-жылдан бери карай мен Фермерлик талаа мектебинде, агрономия багыты боюнча  билим алдым. Тренингде Компаньон Банкынын агрономдору көп жаңы жана керектүү нерселерди айтып беришти. Ким ойлоптур, өзүбүздүн үйбүздө жашап, жер тилкебизди пайдасыз колдонуп жургөнүбүздү? Кылым жаша-кылым оку дегендей. Лекцияда, күнөскананы кандай коюу жана жашылчаны кандай өстүрүү керектигин толугу менен айтып беришти. Мен жасап көрдүм, меники ийгиликтүү болду! Органикалык заттар менен жерди семиртип баштадык. Натыйжада жакшы түшүм алдык. Андан кийин жолдошум экөөбүз, күнөскана бир гана чоң үй-бүлөбүздү камсыздоого  жетээрин  түшүнүп, жашылчаны көп кылып саткыбыз келсе, чон күнөскана салуу керектигин чечтик. Күнөскана кандай талаптарга жооп берүүсү зарыл, анын баардыгын бизге лекциядан үйрөтүшкөн. Баардык жазууларды жана схемаларды сактап жүрөм жана ар дайым колдоном. Компаньон Банкынан насыя алгандан кийин курулушту баштадык. Күнөскананын баш-аягы 80000 сомду түздү. Бирок биздин эсеп боюнча, эки мезгилде эле кеткен чыгашабызды жабат. Ошондуктан бул акчанын пайдалуу салымы.” - деп айтат Шактыгүл.

Чоң жана жарык күнөсканада Шактыгүл жолдошу менен помидор, пияз, бадыраң жана башка жашылчаларды өстүрөт. Бир мезгилде эле 1 тонна жашылча чогултушат. Күнөскананын жашылчаларын кароо үчүн бүт үй-бүлөсү катышат. Жардамчылар көп: Касеновдордо сегиз бала жана он бир небере бар! Шактыгүлдүн планында  валерьяна чөбүнө кургатуучу жай салуу. Аял бул пайдалуу өсүмдүктү жакындан бери эле өстүрүп, кошуна айылдагы кабыл алуу пунктуна өткөзүп баштады. Азырынча валерьянаны жаңы бойдон өткөрүп, киреше алып жатат. Бирок кургатылган бойдон өткөзсө, кирешени төрт эсеге көбөйтсө болот. Ошондуктан бүт үй-бүлө туура кургатуучу жай салууну көздөп жатышат. Бир сөз менен айтканда ишкерлер өз жер тилкесин акыл менен колдонууга аракеттенип жатышат. Шактыгүл өзүнүн ийгилиги менен бөлүшүп кетти: “Биз эртеден кечке иштейбиз, бирок мунун баары бекер эмес. Жер биздин чоң үй-бүлөбүздү багат! Жаш ишкерлерге кааларым, алган насыяларды багытталган гана максатта туура колдонгула жана ошондо төлөм жөнүндө маселе келип чыкпайт!”

Бардык кардарлар