Биздин кардарларыбыз

Кийим соода: Нарын шаарындагы бизнес

Нарын шаары

Гүлнара Азарова жана Алый Мүсүрова курбулар жана ишкердикте өнөктөштөр. Алар биргелешип, шаардык базарда кийим сатышат. Аялдар 15 жыл мурда топ түзүшкөн жана  соода-сатык буюмдарын (товар) сатып  алуу учун кичи насыя алышкан. Азыркы учурда дагы, контейнерлери жакын турат. Алый жана Гүлнара өз ара атаандашышпайт, бири-бирине жардам берүүгө  жана колдоого аракет кылышат.

Гүлнара  Азарова соода тармагында  15 жыл иштеп келет. Азыркы учурда анын менчик контейнери бар.

“Бизнестин башталышында мен үчүн башкы көйгөй кийим сатып алууга каражат издөө болчу. Биринчи насыя алуу-бул көйгөйдүн чечилиши болду. Мен Компаньондон он бешинчи жолу насыя алып жатам жана ар дайым максат бир-айлантуу каражаты. Бул акчага Бишкектен, Дордой базарынан соода-сатыкка буюмдарды алам, жана өзүмдүн шаарыма алып келип сатам. Анткени, Нарын шаарынын ар бир эле жашоочусу өзүн же үй-бүлөсүн кийинтүү үчүн борборго барууга мүмкүнчүлүгү жок. Соода-сатык буюмдарын,  ар жума сайын  сатып келип туруш керек. Ушинтип иш жүргүзөм” -дейт Гүлнара.

Бул аял эрте жесир калган. Мурда көпчүлүк учурда жолдошу жардам берчү, азыр баардык жумушту өзү кылганга туура келет. Гүлнаранын эки кызы, бир уулу бар, аларды жогорку билим алуу үчүн Кытайга жөнөткөн. Гүлнара балдарым бактылуу болсо, менин бактылуу болгонум ошо деп айтат.

“Бизнести жаңы баштап жаткандарга менин кеңешим: аз суммадагы акча менен баштагыла, өтө дыкаттык менен пландаштыргыла жана акырындыктан айлантууга кошкула. Бизнести ушундай жүргүзүү менен, силер эң башында эң чоң жоготуудан арыласыңар. Андан кийин гана, тажрыйба топтоп алгандан соң, көздөгөн багытыңарда ийгиликтүү болосуңар”.

Алый Мүсүрова “Товаровед” кесиби боюнча соода окуу-жайын аяктаган. Алый кесибин ийне-жибине чейин жакшы билет. 1993-жылдын бери бул аял соода менен байланыш.

“Компаньон Банкынын насыяларынын аркасы менен, мен менчик ишимдин  ээси боло алдым, ага чейин мен жалданма сатуучу элем. Өзүңө иштөө-бул өзүнчө бакыт. Бизнести өнүктүрүү менен бирге үй-бүлөмдүн жашоо шарттарын да жакшыртып алдым. Биз Бишкектен үй жана автоунаа алдык. Албетте, баардыгы бат эле боло калбайт, бирок жылдан жылга жакшы боло берет. Азыр менин эң чоң максатым жана маселем-неберелерди чоңойтуу. Менин үч неберем бар”.

Алыйдын өзү үчүн ийгиликтин сыры бирөө гана: “Жалкоолонбой, көп иштеш керек. Ушул менен гана жарды болбой жашоодо жетишкендиктерге жетүү мүмкүн!”

 

Бардык кардарлар