Биздин кардарларыбыз

Катаал атаандаштык мыкты болууга түрткү берет

Эльвира Исраилованы ийгиликтүү бизнес-леди деп батыл атоого болот. Ал 20 жылдан бери бизнес менен алектенет жана азыр Кемин шаарындагы азык-түлүк дүкөнүнүн жана чайкананын ээси.

Эльвиранын азык-түлүк дүкөнүндө продукциянын өтө бай ассортименти бар, бул үчүн аны туруктуу кардарлары – дүкөндүн сатып алуучулары баалашат жана жакшы көрүшөт. Ал кардарлары менен ишеничтүү мамиледе экенине өтө сыймыктанат, бул соода бизнесин түзүүдө аз эмес маанилүү роль ойнойт деп эсептейт.

Чайкананы Эльвира 2018-жылы жазында ачкан жана кичүү сиңдисинин атынан “Назик” деп атаган, Назик анын шеф-ашпозчусу болуп саналат. Чайкана Кеминде – Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө бараткан жолдо жайгашкан. Кафе улуттук ашканага адистешкен. Фирмалык тамагы болуп даамдуу каттама жана самоор чайы саналат.

Эльвира кыйынчылыктардан коркпойт жана бизнесте эң татаалы өз ишин сүйгөн сапаттуу персоналды тандоо жана катаал атаандаштык экенин, бул аны мыкты болууга гана түрткү берерин моюнга алат.

“Менин ийгилигим менин кардарларымда, алар чайканама бир ирет келүү менен фирмалык тамагыбызды жеш үчүн кайрадан үй-бүлөлөрү менен келишет. Бул мени абдан кубандырат жана шык берет”.

Компаньон Банкынын кредиттик каражаттары чайкананы курууга жана аны сапаттуу эмерек менен жабдууга жумшалган.

Алдыдагы беш жылга Эльвирада план көп.

“Эң жакынкы план – бул жакшы эс алуу. Мен ага татыктуумун деп ойлойм. Прагага саякатка барууну пландоодомун, андан кийин жаңы күч менен жаңы бизнес-долбоорго – борборубуз Бишкекте жаңы кафе ачууга киришем!”

 

Бардык кардарлар