Биздин кардарларыбыз

БИР ТООКТОН БИР ЖУМУРТКА АЛСА, КИРЕШЕЛҮҮ БИЗНЕС БОЛОТ

Алымкулов Жумабай Фрунзе автожол техникумун 1981-жылы бүтүрүп жана жаш адис болуп өз айылына кайтып келип, ал жерде автоиш сабагын Токтогул районундагы СПТУ-39 окута баштады. Бирок Советтер Союзунун кыйрашы Жумабайдын жашоосун өзгөрттү. 1996-жылы Жумабай үй-бүлөнү багыш үчүн талаачылык менен иштей баштады, а 3 жылдан бери – мал чарбачылыгы менен. 

Бүгүнкү күндө Жумабайдын кичине канаттуулар фермасы бар, ошол жерде жумуртка тууй турган тукумдуу тоокторду өстүрөт. Күнүгө ал 160-180 жумуртка алып, аларды жергиликтүү базарда бирөөсүн 6 сомдон сатат, жана жумурткаларды сатууга байланыштуу көйгөйү жок. Өзүнүн жер участогунда ал ошондой эле тооктун кыгын түшүмдүүлүктү көбөйтүү үчүн натыйжалуу органикалык семирткич катары колдонот. 

А баардыгы, Жумабай эстегендей, Арал айылында 2011-жылдын күзүндө маалыматтык чогулушка катышуудан башталган, аны Компаньондун өнүгүү бөлүмү өткөргөн. Жумабай ошол замат тууп жүрүүчү тоокту өстүрүүгө кызыккан, анткени буга чейин бул райондо эч ким муну менен алектенген эмес. Бир нече ирет ал Компаньондун кеңсесине тоюттандыруу, кармоо, тооккананы куруу долбоору боюнча ветеринардан кеп-кеңештерди алуу үчүн келген, ошондой эле жумуртка өндүрүшүнүн пайдалуулук эсеп-кысаптарын жүргүзгөн. Бул жерде эле ал тууп жүрүүчү тоокторду алууга мүмкүн болгон питомниктердин даректердин алып, ошол жерде ал капастуу жабдууларды орнотуу менен Хай Лайн тукумдан 200 баш тоокту алды.       
 
Жумабай бүгүнкү күнгө чейин кеп-кеңештерди Компаньондун кеңсесинен алууну улантууда. Ветеринардын кеп-кеңештерден тышкары Жумабай анын жер участогун кантип кирешелүү, тигүүгө эң сапаттуу уруктарды кантип тандоо, органикалык жер семирткичтерди жана айыл чарба өсүмдүктөрдүн зыянкечтери менен күрөшүү боюнча экологиялык усулдарды кантип колдонуу жөнүндө көп маалымат алган.

Бардык кардарлар