Биздин кардарларыбыз

ТОСОРДУК МИЛЛИОНЕР

Мукелен Акжолтоевдин баяндоосу – бул максаттуулуктун жана эмгекчилдиктин көркөм мисалы, алар бардык кыйынчылыктарды жеңип чыга алды жана анын үй-бүлөсүнүн гүлдөшүнө алып келе алды. Мукелен 68 жашта жана бул чыныгы бай адам. Мукелендин 10 баласы, 24 небереси жана 4 чөбөрөсү бар. Билими боюнча Мукелен куруучу-инженер, ал өзү өмүр бою үйлөрдү курган, жана багбанчылык менен эч качан алектенген эмес. Бирок, баштоо эч качан кеч эмес болуп чыкты.   

 

Советтер Союзу бөлүнгөндөн кийин Мукеленге оңой эмес болду. Ал жумушун жоготту, а 10 баланы багуу керек эле. Мурунку колхоз жерлери ошол убакытта жанаша жаткан айылдардын жашоочуларынын арасында бөлүштүрүлгөн жана Мукеленге, көп балалуу ата катары 4 гектар жер бөлүп берилген. Бул жерлер башында дан эгиндерин өстүрүү үчүн колдонулган жана багбанчылыкка даяр эмес болгон. Айылдын калган жашоочуларындай Мукелен акча табуу жана өзүнүн үй-бүлөсүн багуу үчүн картофелди жана дан эгиндерин өстүрүү менен алектенген. Бирок “Алма” долбоорунун Тосор жана Тамга айылдарына келиши менен 2005-жылы анын белгиленген милдети багбанчылык экенин түшүндү. Эч качан долбоорго катышууга чейин ал мөмөлүү бактар ушундай багууну талап кылганын билген жок. Биз мурда бактарды жөн эле отургузуп, жана түшүм болгонго чейин күтчү элек”, - деп айтат Мукелен. Башынан баштап ал долбоордун эң жигердүү катышуучуларынын бири болду. “Сабактарда агрономдор бизге бардык айткандарын мен тажрыйбада дароо колдондум, менде ушунчалык көп суроо болду, ошончолук биздин агрономдорубузду үзгүлтүксүз түрдө сурай берип жадаттым, - деп жылмайып айтып жатты Мукелен. – Мен бакты отургузууга, менде бар болгон жерди колдонууга уруксаат алдым, насыяны алдым жана өрүк мөмөлүү бактарды отургуздум. Долбоор аяктагандан кийин дагы биз агрономдордон, толук жарай турган жардам алууну улантып жатабыз, бул абдан маанилүү”.             

 
Бак бир күндүн ичинде өспөйт жана ал үчүн инвестиция өзүнүн дивиденддерин алып келе баштагандан мурда, убакыт жана чыдамдуулук керек. Бул нерсе Мукеленде жетет. Биринчи пайдадан Мукелен уулуна үй кура алды. А 2012-жылы өрүк бактан алган пайда Мукеленди миллионер кылды жана суммасы 1 миллион сомду түздү, а түшүм жогорку сорттогу өрүктүн 50 тоннасын түздү.  
 
“Биз долбоорду жаңы баштаганда жана жемиштердин өтүшүн жөнгө салууну аракеттеп жүргөн учурда, биринчи жылы биз эки айыл биригип бир фураны өрүк менен  араң толтурганбыз, а бүгүн бир катышуучу эки ушундай фураны толтура алат жана ушундай катышуучулар бизде көп”, - деп эстейт Өмүрбек, Каракол филиалынын агроному.   
 
“Азыр бизде сатуу боюнча көйгөйлөр жок, тескерисинче сатып алуучулар көп, биз өзүбүз эң жакшы баа тандай алабыз, - деп айтат Мукелен. - Менде эңсегендин баары бар, бир гана нерсе сураганым бул жакшы аба-ырайы. Мен долбоордо алган билимдерди өзүмдүн балдарыма, алар дагы келечекте биздин бак менен иштей алсын деп, өткөрүп берем”. 
      
Бирок бул ийгиликтер Мукеленди көптүргөн жок жана ал жетишкендиктерге канааттанып токтоп калгысы келбейт. “Азыр мен үйдүн жанындагы бактын бөлүгүн тазалап жатам. Бул жерде өрүк жан алма өсөт, азыр бардык эски өрүк бактарын алгым келип жатат, бул жергее огород жасап жана өзүмдүн үй-бүлөм үчүн экология жактан таза жашылчаларды өстүргүм келет. Мунун баарын мен Компаньондун жаңы демилгелеринин аркасы менен кыла алдым”, - деп коштошордо айтып берди Мукелен.  
 
Жөнөкөй адамдардан мындай баяндарды угууга укмуштуу жагымдуу. Ишке ашкан кыялдар жана пландар жөнүндө. Жана биз мындай баяндар көбүрөөк болсун деп аракеттенебиз.

 
 
 
 

Бардык кардарлар