Тапшырыкты берүү учурда бизнестин иштеген мөөнөтү же болбосо эмгек стажы минимум 3 ай болушу керек. Агробизнес үчүн бизнестин иштеген мөөнөтү минимум бир айыл чарба цикли.
Каалаган керектөөчү максаттар үчүн кредит: турак жай шарттарын жакшыртуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу, куруу, билим берүү, эс алуу, дарылануу, унаа жана башка товарларды сатып алуу.
Шарттар:
Жылдык номиналдык пайыздык чен 18%
Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 19,7%
* Камсыздоо катары "Компаньон Банкы" ЖАКтын депозиттик эсептериндеги акча каражаттары болгон кредиттер үчүн кредиттин мөөнөтү 1 айдан жогору жана ал депозиттин мөөнөтүнөн ашпашы керек.
Артыкчылыктары:
✔️ Жеңилдетилген пайыздык чен.
✔️ Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги.
✔️ Документтердин минималдуу топтому.
✔️Акыркы 12 айда оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн күрөөсүз жана кепилдиксиз 100 000 сомго чейин (кредитти алууга тапшырыкты берген датага чейин).
✔️ "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайталап кайрылган кардарларына күрөөсүз жана кепилдиксиз 250 000 сомго чейин (акыркы 12 айда оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн гана).
Кредитти ким ала алат?
Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 68 жашка чейинки жарандары: Баткен облусунда жашап жана чарбасын жүргүзүп жаткан жеке жактар жана жеке ишкерлер.
Керектүү документтер:
Кредитти берүү:
Кредитти накталоо үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.
Күрөө жана кепилдик (керектүү учурда)
✔️ “Компаньон Банкы” ЖАКтын депозиттик эсептериндеги акча каражаттары же/жана кыймылдуу мүлк.
✔️ Авто же/жана кыймылсыз мүлк.
✔️ Ырасталган кирешеси бар кепил.
Эгер кредиттин керектүү суммасын алууга күрөө камсыздоосу жетишсиз болуп жатса, “Кепилдик фонду” ААКдан кепилдик алууга мүмкүнчүлүк бар. Кепилдик боюнча комиссия – 0%.
Толук маалымат үчүн жана кредиттин толук баасын эсептөө үчүн, анын ичинен эффективдүү пайыздык чен жана кредит алууга байланыштуу кардардын бардык чыгымдары тууралуу биздин филиалдарга жана сактык кассаларга кайрылыңыз.
Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 23.11.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн
Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз
Өтүнмөнү толтуруу