Насыялар

KyrSEFF программасы чегинде «Ишкер Плюс» энергоэффективдүү кредити

Кредиттин суммасынан 15% чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү бар бизнести өнүктүрүү үчүн кредит!

Компаньон Банкы «Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо» (KyrSEFF) программасынын чегинде грант алуу мүмкүнчүлүгү менен негизги каражаттарды сатып алуу жана жаңылоо үчүн бизнес-кредитин сунуштайт. Мисалы, энергоэффективдүү максаттар үчүн 20 млн сом өлчөмүнө чейин кредит алып, 3 млн сомго чейин акысыз грант түрүндө  алсаңыз болот!

Кредит төмөнкү максаттар үчүн берилет:

  • Эски өндүрүш жабдууларын, насосторун, вентиляторлорун, аба компрессорлорун, энергоэффективдүү жабдууларга алмаштыруу;
  • Терморегуляциялоочу клапандарды жана башка башкаруу жана автоматташтыруу элементтерин орнотуу менен имараттардын жылытуу системаларын жакшыртуу;
  • Вентиляция жана кондициялоо системаларын жакшыртуу;
  • Дубалдарды, шыпты,полду жылуулоо;
  • Терезелерди энергоэффективдүү терезелер менен алмаштыруу;
  • Жарык кылуу системаларын жаңылоо;
  • Суу үнөмдөө;
  • Энергиянын жаңыланма булактарын киргизүү: жылуулук насостору, күн коллекторлору, биогаз орнотмолору жана башка;
  • Күнөсканаларды жаңылоо: жылуулук, тамчылатып сугаруу, жылуулоо, вентиляция системалары;
  • KyrSEFF программасынын максаттарына ылайык башка максаттар.

Кредиттин суммасы

150 000 сомдон 20 000 000 сомго чейин

Валюта

Сом

Пайыздык чен 

19%* башталат

Кредиттин мөөнөтү

3 айдан 5 жылга чейин

Кредит берүү үчүн комиссия

Кредиттин суммасынан 1%

Гранттын суммасы

Кредиттин суммасынан 15% чейин**


*Натыйжалуу пайыздык чен 21,46% башталат.

**Толук маалыматты «Компаньон Банкы» ЖАК бөлүмдөрүндө жана байланыш-борборунун номерлери боюнча алса болот: (312) 33-88-00, 88 00 (мобилдик чалуулар үчүн).

Кредит алуу үчүн керектүү документтер:

  • Кредит алуучунун, кепилдин жана күрөө берүүчүнүн паспорту;
  • Кредитти төлөө булагына байланыштуу кредит алуучунун жана кепилдердин кирешелерин ырастоочу документтер-патент, ЖИ күбөлүгү, акыркы 3 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкаты ж.б.;
  • Берилген күрөө мүлкүнүн түрүнө байланыштуу күрөө мүлк документтери – кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, кыймылсыз мүлктүн укук белгилөөчү документтери, транспорттук унааны каттоо тууралуу күбөлүгү ж.б.;
  • Банктын талабы боюнча кредиттин түрүнө байланыштуу башка документтер.

Өтүнмөнү толтуруу

Насыянын наркын эсептөө

мес.

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу