Балыкчы филиалы

Кредиттик бөлүмдүн сектор башчысы

Филиал: Балыкчы филиалы

Жарыялоонун күнү: 17 9 2019

Талаптар:

Жеке сапаттары: 

Коммуникабелдүүлүк, жоопкердүүлүк, командада жана өз алдынча иштөө жөндөмү, жигердүүлүк жана өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууга оң багытталгандык. Стресстик кырдаалдарда иштөө жөндөмү жана Компаньон Банкынын ишмердүүлүгүнө активдүү катышууну каалоосу. Командалык ишти уюштура алуу жана максаттарга жетүү үчүн иш күнүн сабаттуу бөлүштүрүү жөндөмү.

Кесиптик билимдер жана көндүмдөр:

  • Жогорку экономикалык/финансылык билимдин болушу.
  • Кредиттик уюмдарда эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын, бир жылдан кем эмес жетекчи кызматтагы тажрыйбасынын (артыкчылык) болушу. 
  • Банктын кредиттик ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдык жана ченемдик актыларды жана КРУБдун нускамаларын билүүсү.
  • Кредиттөө эрежелерин, прициптерин жана кредиттерди берүү шарттарын билүүсү. 
  • Карызгерлердин кредиттик жөндөмдүүлүгүн финансылык талдоону билүүсү.
  • Жеке жана юридикалык жактарды кредиттөөнүн жана күрөө бүтүмдөрүн ишке ашыруунун укуктук негиздерин билүүсү.
  • Башкаруу жана ички контроль принциптерин билүүсү.
  • Орус, кыргыз тилдерин билүүсү.
  • Компьютердик сабаттуулук.
  • Мыкты коммуникациялык, уюштуруучулук жана башкаруучулук көндүмдөрдүн болушу.

Милдеттери:

  • Сектордун ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчилик, Сектордун кызматкерлери тарабынан эмгек тартибинин сакталышына контроль.
  • Сектордо кредиттөө боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо.
  • Сектордун кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында аларды кредиттөө маселелери боюнча окутуу. 
  • Сектордун ишмердүүлүгүнүн алкагында зарыл контролду, анын ичинде максималдуу натыйжага жетишүү үчүн жерине чыгуу менен ишке ашыруу.
  • Кардарларды тартуу (түз маркетингдерди, промо акцияларды, бет ачаарларды ж.б. уюштуруу жана түздөн-түз катышуу).
  • Кардларларды кредиттик тейлөө, кредиттик каражаттарды берүү максатында кардарлардын кредиттик жөндөмдүүлүгүн талдоо.
  • Ыйгарымдарынын алкагында кредиттик билдирмелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
  • Жаңы кредиттик продуктыларды киргизүүгө катышуу.
  • Жетекчиге Сектордун ишмердүүлүгү жөнүндө утурумдук отчетторду берүү.
  • Иштин учурда болгон процесстерин жана методдорун өркүндөтүү жана жаңыларын киргизүү боюнча сунуштарды берүү.
Резюме жөнөтүү Анкетаны толтуруу

Резюме кызмат орду милдеттүү түрдө көрсөтүлүп берилиши керек

- Бишкек ш., Шота Руставели көч., 62
- email: cv@kompanion.kg.

Кызмат орду көрсөтүлбөгөн резюме каралбайт. Эң ыңгайлуу гана талапкерлер сүйлөшүүгө чакырылат.

Бардык вакансияларды карап чыгуу