Банкка келбей туруп, "Пенсиялык" депозитти онлайн кантип ачса болот?

Банкка келбей туруп, "Пенсиялык" депозитти онлайн кантип ачса болот?

"Компаньон" тиркемесинде депозит ачуу үчүн төмөнкү аракеттерди жүргүзүү зарыл:

1.Тиркеменин башкы бетиндеги “Депозиттер” бөлүгүнө өтүү керек;


2. Тизмеден “Жаңы депозитти ачуу” дегенди тандоо зарыл;

3. Андан кийин маалымат менен таанышып, тизмеден “Пенсиялык” дегенди тандоо зарыл;

4. Кийинки терезечеде депозит тууралуу маалымат пайда болот. Толук шарттар менен таанышуу үчүн "Кошумча шарттар" дегенди тандоо керек.

5. Андан кийин “Депозит ачуу” дегенди тандоо керек.


6. Кийинки ачылган депозиттин эсептөө терезечесинде төмөнкүлөрдү тандоо сунушталат:

  • Аманаттын суммасын - баштапкы салымдын суммасын көрсөтүү зарыл;
  • Валютаны – KGS же USD;
  • Депозиттин мөөнөтүн- шкаладан депозиттин мөөнөтү тандалат;
  • Ай сайын толуктоону - пландаштырылган ай сайын толуктоонун суммасы көрсөтүлөт.
  • Эсептен чыгаруу эсебин - салымдын баштапкы суммасы алына турган банктык же карталык эсепти тандоо.

Талаачаларды толтургандан кийин, депозитти эсептөө жүргүзүлөт, анда:

пайыздык чен, депозит боюнча киреше жана депозиттин мөөнөтүнүн аягындагы сумма көрсөтүлөт.

Депозиттин ачылганын ырастоо үчүн "Кийинки" баскычын басуу керек.

7. Ырастоо терезечесинде тандалган маалыматтардын тууралыгын текшерип, "Депозитти ачуу" баскычын басуу керек.

8. Ырасталгандан кийин операция бир азга иштетилет. Андан кийин депозиттин ийгиликтүү ачылганы тууралуу билдирүү пайда болот. Ачылган депозит "Менин депозиттерим" бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Тиркемени жүктөө: