Банкка келбей туруп, "Мөөнөттүү" депозитти онлайн кантип ачса болот?

Банкка келбей туруп, "Мөөнөттүү" депозитти онлайн кантип ачса болот?

"Компаньон" тиркемесинде депозит ачуу үчүн төмөнкү аракеттерди жүргүзүү зарыл:

1.Тиркеменин башкы бетиндеги “Депозиттер” бөлүгүнө өтүү зарыл;

2.Тизмеден “Депозит ачуу” дегенди тандоо керек;

 

3. Андан кийин маалымат менен таанышып, “Мөөнөттүү дегенди тизмеден тандоо зарыл;

4.Кийинки терезечеде депозит тууралуу маалымат пайда болот. Толук шарттар менен таанышуу үчүн "Кошумча шарттар" дегенди  тандоо керек.

5.Андан кийин “Депозит ачуу” дегенди тандоо керек;

6. Кийинки ачылган депозиттин эсептөө терезечесинде төмөнкүлөрдү тандоо сунушталат:

  • Аманаттын суммасын - баштапкы салымдын суммасын көрсөтүү зарыл;
  • Валютаны – KGS же USD;
  • Депозиттин мөөнөтүн- шкаладан депозиттин мөөнөтү тандалат;
  • Эсептен чыгаруу эсебин - салымдын баштапкы суммасы алына турган банктык же карталык эсепти тандоо.

Талаачаларды толтургандан кийин, депозитти эсептөө жүргүзүлөт, анда: пайыздык чен, депозит боюнча киреше жана депозиттин мөөнөтүнүн аягындагы сумма көрсөтүлөт.

Депозиттин ачылганын ырастоо үчүн "Кийинки" баскычын басуу керек.

7. Ырастоо терезечесинде тандалган маалыматтардын тууралыгын текшерип, "Депозитти ачуу" баскычын басуу керек.

8. Ырасталгандан кийин операция бир азга иштетилет. Андан кийин депозиттин ийгиликтүү ачылганы тууралуу билдирүү пайда болот. Ачылган депозит "Менин депозиттерим" бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Кошумча суроолор боюнча Банктын Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).