Компаньон Банкы Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында 11-апрелде Бишкек шаарында студенттер үчүн “Мессенджер жана чат-боттор аркылуу каржы кызматтары” темасында Case Battle интеллектуалдык оюнун уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, 45 мүнөт ичинде берилген темалар боюнча акыл чабуулун өткөзүштү. Андан кийин ар бир топ идеяларын сунуштады. Мыкты идея сунуштаган топко Компаньон Банкы баалуу белектерди тапшырды.