Жаңылыктар

Компаньон Кыргыз Республикасына голландиялык инвестицияны тартып келди

4 3 2015

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Компаньон Финансы тобу» ЖАК уставдык капиталын 650,4 млн. сомдон 1 млрд. 616 мин. сомго чейин көбөйтүп, жаңы үч акционерди киргизгендигин тууралуу маалымдайт.    Жаңы акционерлер социалдык жана инновациялык багыты бар, эл аралык Нидерланд жана Улуу Люксембург Герцогунун фондулары менен финансы-кредиттик мекемелери тарабынан таанылган. Анын негизги акционери жана кармоочусу катары 65% акция «Компаньонду» негиздөөчү -  жардам жана экономикалык өнүгүү боюнча эл аралык уюму - Кайрымдуулук Корпусунда (MercyCorps) калтырылат. 

«Компаньондун» 17,5 % акциясын Голландиялык Өнүгүү Банкы (FMO) кармайт. Анын негизги ишмердүүлүгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жеке секторлоруна кредит, кепилдик жана капитал берүү болуп саналат. Банктын капитал структурасындагы Нидерландиянын финансы министрлигинин мамлекеттик үлүшү 51% акцияны түзөт.

Triodos эки инвестициялык фондунун үлүшүнө 17,5% акция туура келет. TriodosFairShareFund (Голландия) социалдык-этикалык инвестициялык институт расмий статусуна ээ болгон, биринчи инвестициялык фонд болуп эсептелет. TriodosSicavII - TriodosMicrofinanceFund (Люксембург) өнүккөн өлкөлөрдүн аз кирешелүү элдерине финансылык кызмат көрсөтүүчү инвестиция менен алектенет.

Бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, Улуттук банктын жана «Компаньон Финансы тобу» МФК ЖАК жетекчилеринин капиталды көбөйтүүгө арналган жолугушуусу болуп өттү.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Компаньон Финансы тобу» МФК өкүлдөрүн куттуктап жатып, бул жамаат Кыргызстанга инвесторлорду тартуу боюнча көп аракеттерди көргөндүгүн белгиледи. “Биздин рынокко мындай рейтинг менен инвестордун келип жатышы, республикабыздын финансылык системасы үчүн тарыхый кадам болуп саналат. Ар бир инвестор, өзүнүн акчасын салып жатып, компаниянын финансылык көрсөткүчүнө гана эмес өнүгүү жолдоруна дагы көңүл бурат. Компаньон кредиттөө рыногунда көптөн бери иштеп, өзүнүн аброюн жогорулатуу менен кардарларынын базасын түзүп алды. Силер түзмө-түз тапшырмаңарды аткарууга далалаттануу менен чектелбестен, жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшү үчүн да иштеп жаткандыгыңар, Улуттук банкты кубандырат”. – деп билдирди Т.Абдыгулов.

Бардык жаңылыктар